Урматтуу мекендештер!
Кыргызстан байланыш (телефон, интернет) үчүн жылына 15 миллиард сом коротот. Тилекке каршы ушул каражаттын басымдуу бөлүгү, тагыраагы 10 миллиард сом же болбосо $150 миллион долларга чукул каражат сыртка чыгып кетип жатат.
Кантип дебейсизби?
Анткени өлкө аймагында 3 уюлдук оператор бар. 1.Мегаком 2.Билайн 3.Ошка. Бул операторлордун ар бири болжол менен жылына 5 миллиард сомдон киреше табышат.
Булардын ичинен бирөө гана улуттук оператор болгондуктан МЕГАКОМ гана тапкан 5 миллиард сомун өлкө аймагында алып калат. Ал эми БИЛАЙН менен ОШКА чет элдик оператор болгондуктан алар тапкан 10 миллиард сомун чет мамлекеттерге чыгарып кетип жатат.
Башкача айтканда сиз экообуздун кайдыгерлигибиз үчүн өлкөдөн жылына $150 миллион доллар чыгып кетип жатат дегенди түшүнсөк болот.
Эгер ар бир атуул улуттук оператор МЕГАКОМду колдонгондо чыгып кетип жаткан $150 миллион доллар Кыргызстанда калмак. Биз ал акчаларга жылына 150 заманбап мектеп же 300 заманбап балдар бакчасын куруп турмакбыз. Жакынкы 3-4 жылда мектеп жана бакча танкыстыгын толук чечип алмакпыз.
Учурда 600 миңден ашуун бөбөктөрүбүз бакчага бара албай жатышат. Балким ойлонуп көрөөрсүз, мекендешим.
УЛУТТУК ОПЕРАТОР ҮЧҮН УЛУТТУК АРАКЕТКЕ ЧАКЫРАБЫЗ!
#Аракеттебиз
Сиздин оюңуз кандай мекендеш....?
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев