Билем, байке...
Билем байке, ичтен ооруп жүрөсүң.
А сыртыңдан сыр билгизбей күлөсүң.
Дүйнөдөгү жалгыз адам таянаар,
Сен эч кимге окшобогон бирөөсүң.
Бала кезде шыңга бойлуу сулуу элең,
Сылык мүнөз, сыпаа сүйлөп жылуу элең.
Мен бир кежир, а сен менден башкача,
Ата-энемдин сыймыктанар уулу элең.
А мен тойбос, ар нерсени жечү элем.
Талдан үзүп, өрүк алып кел дечү элем.
Ооруйсуң деп урушсаң да баары бир,
Көпкөк өрүк терип келип берчү элең.
Иниң үчүн күнбү, түнбү беленсиң.
Элге билбейм, мага абдан кененсиң.
Каалабадың бирок мени кыя албай,
Көк өрүктү тузга малып жегенсиң.
Барды көрдүк, жокту андан көп көрдүк,
Ачуу-таттуу не бир күндү өткөрдүк.
Бар-жогуна бирдей кылып каниет,
Жетпегенин жама