Салам сага кыргыз элим
Башты бийик көтөргү́н
Кыраан элим байыртадан
Сөзгө чечен өжөрсү́ң
Намысыңды алдырбагын
Кайтпа элим ушундан
Тарых бети тастыктаган
Улуу элсиң мусулман.
Дин исламды кармап келген
Тагай бийдин урпагы
Азиянын арстандары
Алга карай чуркагын
Акыйкатты көрү́п туруп
Көздөрү́ңдү́ жумбагын
Дү́йнө бойлоп даават кылгын
Чарчабасын тулпарың.
Алга алга,мына кетти
Азиянын арстаны
Бү́ркү́т сымаал бийик учкан
Бул мусулман жаштары
Ислам менен бириктирип
Бү́т мусулман элимди
Сактап калгын капыр батыш
Тартып алган жериңди.
Элиңди,жериңди
Тоо астында кениңди
Алуу ү́чү́н кү́рөш кү́рөш
Бекем буугун белиңди
Жедирбегин жемиңди,
Төккү́н маңдай териңди
Биз мусулман улуу элбиз
Унутпагын тегиңди!
Кыргыз казак кыраандар,
Амал кылып куранга
Бир муштумдай биригишсе
Зыян жетпейт буларга
Өзбек тажик боордошум,
Арстан жү́рөк жолборсум
Азиянын арстандарын
Аллах өзү́ коргосун.
Биз мусулман баардыгыбыз
Ислам менен байланган
Ислам менен Азиз болуп
Улуу кү́чкө айланган
Бир болгонбуз,Ким болгонбуз
Карап көргун тарыхтан
Биз мусулман улуу элбиз
Азиялык арыстан.
Адыл Момунов
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев