Эркек аялын сыйлабаса, эркектен оомат кетет дейт… Эмне үчүн?! Табиятынан аялдын жаратмандык ой жүгүртүүсү эркектикине салыштырмалуу бир канча эсе күчтүүлүк кылгандыктан, аял өзүнүн да, күйөөсүнүн да тагдырына олуттуу таасир эте алат тура...Аял жолдошу менен болгон мамиледе өзүн бактылуу сезип, ошондон ырахат алып жашаса, күйөөсү ар дайым жолдуу болуп, анын алдында ийгиликтин бардык эшиктери ачылып, ар бир баскан кадамы жакшылык жана ийгилик менен коштолот, себеби үй-бүлөлүк турмушунда өзүн бактылуу сезип, жашоосуна канааттанып жашаган аял өзүнүн жаратмандык ой жүгүртүүсү менен күйөөсүнүн жолун ачып, анын турмушуна жалаң гана жагымдуу окуяларды тартып турат дейт. Жакшылыктын, ийгиликтин жана