«БИР АДАМДАН БИР КИТЕП» долбоору
🇰🇬 Кемин районуна караштуу Чоң -Кемин өрөөнүн Калмак-Ашуу айылындагы Болот Бейшеналиев атындагы мектепте старт алды..!!!
✋📚Ар бирибиз китептерден берип, жаркын келечекке салым кошолу!
БУЛ ДОЛБООРДУН НЕГИЗГИ МАКСАТЫ:
📚Аймагыбызга китеп окууну даңазалоо
📈Руханий, интеллектуалдык потенциалды жогорулатуу
🏡Аймагыбыздагы китеп жетишсиздигин жана китепкана көйгөйлөрүн чечүү
💶Аздан болсо да билимге инвестиция жасоого багытталат!
Бул долбоорго ар бир мекендешибиз катыша алат жана колдон келген жардамын бере алат!!! 🙌🙌🙌
Анда эмесе акцияга көңүл буруңуз, биз баштадык! ⏳🚩
1. 📚📚📚📚КИТЕПТЕР
Алгач зарыл китептердин тизмеси түзүлөт. Алардан сатып берсе же акчасын берсе болот. Чет өлкөдө жүргөндөр акчасын көрсөтүлгөн реквизиттерге которо алат.
📚💴Бир китептин баасы орто эсеп менен 300 сомду түзөт.
Каалоочулар көрсөтүлгөн суммадан көбүрөөк берсе болот...
“Атын атаса,куту сүйүнөт” демекчи, ар бириңиздер акчаны которуп жатканда аты жөнүңүздөрдү сөзсүз түрдө жазып коюңуздар!
2. 📚♻📸📒
Китептерди сатып берүүдө бардыгы ачык айкын, фото отчет менен болмокчу.
3. 📚📚📚📚
Чогулган китептер акциянын соңунда Калмак - Ашуу айылынын мектебине салтанаттуу түрдө тапшырылат.
4. 🏫Топтолгон китептер мектептин китепканасына жайгаштырылат.
5. Китептерге соңунда атайын белгилүү мөөр басылып, жалпы айыл тургундары эркин китеп окуй алышат 📚📚📖
🔰Келиңиздер, Чоң-Кемин өрөөнүн тургундары, окуп жана иштеп жаткан айылдаштар биз дагы айылыбыздын жаркын келечеги үчүн салымыбызды кошолу!
Ар бириңиздердин кошкон салымыңыздар өлкөбүздүн келечегине – ИНВЕСТИЦИЯ!
Келиңиздер бириксек колдон келет... Чоң - Кеминге китеп жүктөп барып сүйүнтөбүз!
Чоң - Кеминди китеп окугандардын аймагына айланчу күн алыс эмес!
“Бүгүнкү окурман, эртеңки башкаруучу”
Долбоордун жобосу, суроолор боюнча уюштуруучу топко кайрылсаңыздар болот⤵️
Абдрашитов Эмир
📲 whatsАpp номер:
0709 366 013
💳 Реквизиттер:
•МБанк
•Демир банк
•Оптима
•О деньги
0709 36 60 13 Элмир А.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев