Предыдущая публикация
Жашадым, көрдүм бир топ жашты дейбиз,
Жанга азап күндөр көздү ачты дейбиз.
Жамандык баштан тооруп турса дагы,
Жакшыбы? -дегендерге ЖАКШЫ дейбиз.
Санаамды ачуу күндөр чачты дейбиз,
Саргартып, бакыт таштап качты дейбиз.
Сиркебиз суу көтөрбөй турса дагы,
Сурашса абалыңды ЖАКШЫ дейбиз.
Онтотуп, ооруу кыйнап басты дейбиз.
Он талаа агызды го жашты дейбиз.
О дүйнө узап бара жатсак дагы,
Оозду кыбыратып ЖАКШЫ дейбиз..
автор:Шайырбек Абдрахман.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев