Чайыттай ачык асман замат бүркөп,
Чагылган чартылдады...Өчтү үмүтүм...
Ааламды кезип, качып кетким келип -
Өрттөдү кызганычым - же күйүтүм...
Өзүмдөн-өзүм качтым, максаты жок...
Жүрөгүм күйүп кеткен...ээлеген чок...
Капарсыз дүйнөм түгөл бир кыз элем -
Торгойдой тынчыбаган - көңүлү шок...
Сүйүүмдү тепседи деп, кечирбедим...
Сыздадым, өжөрлөндүм - кетилбедим...
Эркимди канат кылып күүлөп алып -
Күйүттөн жашынаарга жер издедим...
Сынбадым...Назик элем - эрктүү болдум...
Аптапка куйкаланып, суукка тоңдум...
Чалынсам - жакшы адамдар жөлөп-таяп -
Чаалыктым...Бирок, бастым, турмуш жолун...
Өчүрбөй, бекем каттым ак сезимим,
Жоготтум кайрый алгыс жаш мезгилим...
Тапшырдым татаалданган тагдырымды
Ош шаарынын куну менен Оштуктарым Ырыскысы Ош турат толкуп-толуп. Сулайман-Тоо, Ак-Буура кош кут болуп.
Туш тараптан биз жаштар келебиз да,
Ошту сүйүп калабыз Оштук болуп.
Ошум аман болсо деп тилечүлөр
Оштун ыйык экенин билесиңер.
Оштон сүйүү, бакыт таап бирок силер Оштон алыс жактарда жүрөсүңөр,
Оштун далай кызыктуу тостук таңын,
Ошко биз да жаштыктын коштук шаңын. Оштон тапкан сүйүүнү даназалап.
Ошко келип кеткиле "Оштуктарым".
Автор: Улукбек Омокеев
Студенттер учун!
"КОМПАСТЫК" МАНИЛУУ, МАЗМУНДУУ, МАКСАТТУУ, ар бир окурманды ийгиликке багыттоочу китептеримди эми сиздер #Келкелден ала аласыздар! (Дареги: Ош ш. Курманжан-Датка 268, байланыш тел: 03222 7 62 21, 0771995799) #Болушуп койсонуздар жакшы болот эле.
P.s. Коптогон студенттер, негизинен окурмандар, ушул китептен кучтуу мотивация алышканын, алар учун бул - чон стимул болуп бере алганын айтышып, ыраазычылык билдирип келишет! КУБАНЫЧТАМЫН АЯБАЙ!