Чагылган чартылдады...Өчтү үмүтүм...
Ааламды кезип, качып кетким келип -
Өрттөдү кызганычым - же күйүтүм...
Өзүмдөн-өзүм качтым, максаты жок...
Жүрөгүм күйүп кеткен...ээлеген чок...
Капарсыз дүйнөм түгөл бир кыз элем -
Торгойдой тынчыбаган - көңүлү шок...
Сүйүүмдү тепседи деп, кечирбедим...
Сыздадым, өжөрлөндүм - кетилбедим...
Эркимди канат кылып күүлөп алып -
Күйүттөн жашынаарга жер издедим...
Сынбадым...Назик элем - эрктүү болдум...
Аптапка куйкаланып, суукка тоңдум...
Чалынсам - жакшы адамдар жөлөп-таяп -
Чаалыктым...Бирок, бастым, турмуш жолун...
Өчүрбөй, бекем каттым ак сезимим,
Жоготтум кайрый алгыс жаш мезгилим...
Тапшырдым татаалданган тагдырымды -
Өзгөртөөр...Балким сенин - бир чечимиң...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1