Турмуш деген
кылдыр-кылдыр араба.
Ичи толгон ырахатка, жазага.
Жакшылыка кубанат да адамзат.
Жаман болсо, көнүп берет ага да.
Турмуш деген
узаак-узаак жол экен.
Кайгылары, кызыктары мол экен.
Бүт баарына, бир калыпта карабай.
Бирөөгө бар, экинчиге жок экен.