Ат-Башы
Улуттун уюткусу ата башы,
Кылымдын бир тууганы, аталашы.
Кыйкырып кылым кирсе тоготпогон,
Кошойдун коргон менен асабасы.
Алыскы күбө болгон жоо дооруна,
Инимин "Чеч-Дөбөдөй" тоолорума.
Кайып шер "Алмамбеттин" сөөгү жатат,
Азыр да айбат берип жоолоруна.
Таштан үй талкалангыс кылып эч бир,
Байыртан бабаларым курган сепил.
Убара тартып келет убайым жеп,
Урабай, узартса да каарын мезгил.
Куурчаган ак баш тоолор талаа боюн,
Ортодо чалкып жатат "Кара-Коюн".
Качантан шамалга дос шыбырашат,
Жашырбай сыр-сыпатын, санаа-оюн.
Сайы мол, калдаң ташты түртүп аккан,
Булагы жылга жыгып, тоо кулаткан.
"Арпадай" күчтүү чөбү өнүп чыгат,
Тезеги берекелүү топурактан.
Улуттун уюткусу ата башы,
Кылым
Жагымдуу оору
Ооруй албай жүрөм азыр элчилеп,
Оорукана бошун таппайм элчи көп.
Өмүр бою айыкпастан жатайын,
Ой-боюмду алчы сулуум энчилеп.
Эгер көрсөң куландан соо абалым,
Жактырып кой, жалыныңа камагын.
Сен деп ооруп өтүү мага төп болчу,
Тиктеп алып тирилткендей ажарың.
Оорум анан күндөн күнгө күчөсө,
Бакыт кушу түшмөк башка күп эте.
Айыгуудан ооруп калам билесиң,
Айыктырба ашык отун күчөт э.
Сүйүү менен ооруп калуу чоң бакыт,
Дарыланба илдет алса жармашып.
Согуп турган жүрөк эгер сүйбөсө,
Сүрсүп кетет эскирүүдөн чаң басып.
Чочулаба!
Жашырбай, далбастабай айтсам чынын;
Жоготуп улам сайын барам сыным.
Өзүмө көңүл бурбай койдум окшойт,
Өнөрдү чаң каптабас үчүн кылым.
Кыялдан далай жолу уктум жеме,
Кылчактап, ойлой берип тарттым желе.
Чырмалган колу-бутум бошогонсуйт,
Жулкунган жумуру ыр жазсам кээде.
Билинбей калат кээде дөңү, аңы,
Бийиктен түшүрүп сап алсам жаңы.
Жүгүрүп кетет кыял кылым алга,
Жүдөгөн бекерчини таштап нары.
Колдонгон жооштугумдан жолдоштор көп,
Жолугуп калсаң шылдың сүйлөшөт кеп.
Жеме угуп ушул турган жаныңдагы,
Бекерчи убакытка салган сереп.
Тамаша айтып алып чочулаба,
Тамактан өтсөм жегин, чоку, тала,
Бирок бил! Өзүнөн оор жүк көтөрөт,
Чаң жетпес ак мөңгүлүү чоку гана.
18.02.17
Апа – деп...
Чүчкүрсөм да гүйпөлөктөйт жашыгып,
карегиңе кайгы алат жашынып.
"Сизди ооруп калбасын" – деп мен дагы,
оорусам да айтпай жүрөм жашырып.
Көрүп калсаң бүркөк кабак-кашымды,
сарсанаага толтурасың башыңды.
Күлүп жүрөм жаш көрүнүп көзүңө,
"Санаа тартпай узараар" – деп жашыңды.
Шашылбаймын, жөө жүрөмүн кыбырап,
сырттан көйгөй көргөзбөйм эч кычырап.
Шайтан көрсө камдап алып суук кабар,
"Жүрөгүңө койбосун" – деп шыбырап.
Шайдоот элең, кетти окшойт шайың да,
тирүүлүгүм тилеп жүрүп айылда.
Күндү, айды түшүрөм – деп күүлөнбөй,
баксам кана мешиң жагып жаныңда.
"Жада калса бүт өмүрүм беремин",
– деп эрденбе! Куру сөзгө береним.
Ойлондуңбу өлсөң берип жашыңды,
сени жоктоп канча жашын бер