Ассаламу алейкум улутубуздун учугун улаган улуу жана учкул сөздөргө бай келген урматтуу мекендештер!!!
Кеңешип кескен бармак оорубайт дегендей,бир айдан бери ийри олтуруп түз кеңешип,элдин ынтымагы менен биримдигин чыңдоо максатта уюштурган оюн зоок көңүлдөгүдөй өттү десем аша чаппасам керек.
Жалгыз иттин үргөнү билинбейт,жалгыз кишинин жүргөнү билинбейт дегендей бөлүнүп бөрүгө жем болгуча, Манас атабыз айтып кеткендей "бир жеңден кол,бир жакадан баш чыгарып", кыргыздар бөтөн эл бөтөн жерде бири-бирибизге өйдөдө өбөк,ылдыйда жөлөк болуп турсак кандай гана суктанаарлык иш.
Белгиленген күн келип, хадико атфаалды көздөй жөнөп калдык.
Кеменгер кыргыз элим макал менен лакапка абдан бай келет эмеспи. Кабыргадан сайып какшыктап айткан сөздөрү таамай тийгенде уятыңдан "Өлөйүн десем
жан таттуу кирейин десем жер катуу"-деп,сөздөн жыгылган турбайт болуп алапайыңды таппай каласың.
Анда эмесе бүгүнкү болуп өткөн кызыктуу элестерди дал ошондой таризде чагылдырып берейин. Улуу сөздө уят жок,бетке айткандын заары жок дегендей, түз мааниде жазайын. Анткени "чийки бышып даамына келет,жаш чоңоюп алына келет"-дейт эмеспи. Дабдырап жүрүп дасыгып калаармын. Болбосо миң чеченди бир тантык жеңиптир болуп сөзгө арданып кетмек жок тууганым. Кыргыз тилине кызыккандар, макал-лакаптар кандай орунда колдонулаарына көңүл буруп,тилдерин оңдоп алса деген эле изги ой.
Анда эмесе баштадык. Бир жума калганда эле Көкөтөйдүн ашын бере тургандай кызуу даярдык башталды. Кызмат кылганга бөлүнгөн жигиттер футболду курмандык кылгандарын айта кетпесем болбос, жалындуу жаштык кезиңде жазгы суудай ташкында демекчи,жалаң ойной тургандар бөлүнүп калыптыр.
Ал аңгыча бирөөсү мага чалып калды.
- Байке, семейнийлер дагы футбол ойнойт турбайбы,сиздер эрте менен тогузда барып ойной бербейсиздерби,биз түштөн кийин барып ойнойлу- дейт.
Оо,эрте менен дегенин угуп алып мыйыктан бир жылмайып,кайдан дедим.
Айткандай эле эртеси эрте менен саат 11де туруп алып бала чаканы кийинтип жөнөп калдык. Мурун кичинекей эле жылчыка кысылып кете берчү жаным,эми минтип бир таксиге араң батып бапырап кирип бардык.
Күзүндө түшкөн жалбырактар дирилдеген шамалга максатсыз учуп ары бери сапырылат. Асманды ала булут каптаганы менен,аба-ырайы орточо. Аңгыча, жеңилин жерден оорун колдон ала койгон беш алты жигит желкелерине суу көтөрүшүп,ишаралап учурашып жанымдан өтүп кетишти. Адеби жок жигит жүгөнү жок атка окшош,адеби жок аял кабанаак итке окшош деп кеменгер кыргызым таамай айткан экен. Болбосо, беттегенин бербей -"билгениңди кылып ал"- деп туш келди басып кетсе, алкынып кирген айгырдай,булкунуп кирген букадай болгон билеги күчтүү бука моюн буура бел жигиттерге эмне дей алмак элең.
Кирип барсам баарынын маанайы жакшы. Сетканы тартып алып себепсиз эле ары-бери чапкылап атышыптыр. Демек оюн кызый элек.
Жеңелер нараак жайгашыптыр. Арасында шайыр жеңелер бар окшойт. Анча-мынча шыңкылдашып да койушат. Ошентип антип минткичекти эле саат эки болуп калып жайыл дасторкон жайылып калды. Ачык асмандын астында,көк шибердин үстүндө даам таткан кандай гана сонун.
Жакшы тамак калганча жаман курсак айрылсын дегендей чекерээк барып,чөгүп калдым. Тамак абдан даамдуу болуптур. Белгилүү куудул Тынар айтмакчы;
-сабиздери тим эле күрүчтүн бооруна чыга калып сурнай тартып жүрөт,күрүчтөрү болсо андижанский полкко түшүп жүрөт.
Бир чайнасаң май чайна былчылдасын оозуңда дегендей башты өйдө көтөрүп койгонго жарабай уруп аттым.
Тамактын азы даамдуу болот деп койот эмеспи. Эми гана кызып бел боону бир азга бошоткуча эле желим табактын агы көрүнүп калды. Жегенде тойбогон жалаганда тоймок беле деп,казан жака жалооруган көз менен карасам кошумча беришкидей эмес.
Адамдын саны биз ойлогондон да көбүрөөк келгендиктен тамак азыраактай болгону менен Кудайдын берекеси менен дээрлик баарына жетти.
Мына,эми оюндун эң кызыгына келип жетти. Үйлөнгөндөргө өзүнчө футбол уюштурганбыз. Команда бөлүү башталды. Бул убакта тамактан кийин бойдок жигиттерге улуулардан улуу сөз ирээтинде жакшы ой тилек максаттар айтылынды.
Жаш болсо да илими менен улуу кичүү дебей баарына кызмат кылып келе жаткан Молдо Калыс төмөндөгүлөргө токтолду.
1. Биз кыргыздар ынтымагыбызды сөзүбүз менен эле саймедиребей иш жүзүндө көргөзө билишибиз керек.
Андыктан ар ким өз каалосу менен айына 10жунайдан садака ирээтинде берсе,аны ишеничтүү бирөө чогултса,апаат кырсыка кабылган бирөөбүзгө иштетилмек.
Ооба чындыгында ошондой. Мисалы бизде бирөө ооруп же кырсыка кабылып калса жараатын таңып койгонго 200жунай табылбай калып атат. Ал эми биз көрүп жүргөн монгол казак туугандар бирөө ооруп калса чогултулган акчадан дароо которуп койушат 5000жунай болсо дагы. Ал эми биз бири бирибизди деле тааныбайбыз. ошого бирөөнүн берип койгон 10жунайы аз болгонуна карабай чоң ишке жардам болуп калып атат.
Ынтымактыка биримдике чоң өбөлгө болот эле деген эле жакшы ой изги пикир болчу.
2. Ар кандай илимий жарыш,суроо-жоопторду уюштурсак. Келе жаткан айдын биринчи жумасында фыктан конкурс болот.
билеги күчтүү бирди жыгат билими күчтүү миңди жыгат демекчи,өткөндөгү таймаш абдан кызыктуу болду эле.
Ошентип кыскача жакшы пикирлер айтылып жатканда аңгыча көптөн күткөн семейнийдердин оюну башталып калды. Бир айдан бери жума сайын ойноп бири-бирибиздин коён жатыгыбызга чейин билип эле калдык окшойт. Биринчи эле команда тандоо башталды. Чу дегенде эле мындай оюндун далайын көрүп дасыгып калган
Сейдахмат байке Белек менен Эрмат байкени тандап кетти. Эки чылбыр бир тизгин эптүү кишинин колуна тийгени менен, бешиктеги баланын бек болоорун ким билет,карындагы баланын хан болоорун ким билет демекчи Белек жаңы келген кездерде мага окшоп топ келатса алапайын таппай эмне кылаарын билбей калчу эле.Эми моминтип капитан командалардын арасында талаш болуп атса бир чети абдан ыраазы болдум. Анткени жашоо үчүн жашабай жашатуу үчүн жашасаң,ойноо үчүн ойнобой ойнотуу үчүн ойносоң,кара кыздын агынан эмес багынан демекчи,анча-мынча айыбына көз жумуп көтөрмөлөй берсең, жерде жаткан жумуртка асманда учкан куш болоору анык эмеспи.
Ошентип менин курамымда Калыс байке баштап чабуулга өтсө Мамыт байкелер коргонууда ойноп жатышты. Өз күчүңдүн өлчөөсүн өзүң билбей ким билет дегендей аркада ойноюн дегениме болбой Калыс шейх өзүнө шерик кылып алдыга алып алды. Мына сага көрө бер анан Шодокондун бүркүтүндөй жутунганды.Мууздап бергенди жиреш оңой дедиби айтор алдыңызга салып берем тээп койосуз гол дегенинен алдыга чыгып алдым. Малдын ээси болсо карышкырдын Кудайы бар дейт эмеспи,анын сыңары качкан да Кудай дейт,кууган да Кудай дейт болуп,-"кана эми ээ Кудайым,алдыма бир айланчыктап адашып келип калса,бутумду шилтей салсам эле гол болуп кетсе"-,кайдаан кайдагы гол. Өзүңдү эр ойлосоң башканы шер ойло дейт го. Оңой оокат табылгыдай эмес.
Аңгыча биздин чабуулчубуз нары бери буйтактатып атып,коргоочуларды жазгырып өтүп алдыма таштап бере калбаспы, колго түшкөн коёнду коё берген оңобу болуп эле далбастап тээп калдым. Казды туурап карганын буту сыныптыр дегендей, кантип узунуман жатып калганымды да билбейм.
-гооол!!!
ооба жаза баскан эмес экенмин.
Ошентип бир гол болду эми,эми жеңебиз го деп атсак эле Атамбек байке баштаган кыйындар жоого барсаң баарың бар,доого барсаң бириң бар деген принципти карманыштыбы айтор каршы чабуулга каптап эле кирип келсе боло.
Баскандан эринген бир кезекте жүгүрөөр болуп же болбосо башка түшсө байтал жорго демекчи баарыбыз артка кайтып кымгуут түшүп жатып калдык. Бир жерде чеки иш кылган ар жерде кепке кемтик,сөзгө сөлтүк дегендей,биздин коргонуу бөлүгүбүз жаза басып Атамбек байкеге ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түзүп берип койду. Мындай учурду оңойлук менен өткөрүп жибергиси келбеген Атамбек таксыр алыстан эле сокку узатып, жакшы жигит элин өргө сүйрөйт,жаман жигит элин көргө сүйрөйт дегендей,командасын жеңишти көздөй сүйрөп жөнөдү.
Ошентип бул беттеш 2-1эсебинде тигилердин жеңиши менен аяктап кийинки командалар чыкты.
Эки букам бир текече жок бекен дегенсип Сейдахмат байке коргонуу бөлүгүндө туруп алып оюндун жүрүш тактикасын мыкты түзүп топту алга көздөй узатса Эрмат байке менен Белек бири оң канаттан бири сол канаттан аркы терки тепкилешип таза жүдөттү го чиркин. Бирөө алдында жатып,турсам өлөсүң дептир дегендей болуп канчалык аракет кылышпасын бирок бул үчилтикти аттан оодара тартыш оңой боло койгон жок.
Ошентип бирөө өлмөйүнчө бирөө күн көрбөйт болуп командалар чекеден ыргый баштады.
Кайрадан кезек бизде. Бул команда да оңой жоо эмес экен. Бүлөөгө бергис эгөө бар,экөөнө бергис бирөө бар дегендей Шергазы таксыр жалгыз туруп алып эле баарыбызды жүдөттү. Ага топ тийсе эле топтолуп алып ошону көздөй тапыр-тупур жөнөп калабыз. Бороондуу күндө бок кычайт болуп даараттын кыстаганын айтпа.
Баатырдын атын алыстан ук жанына келсең бир киши дегендей Шергазы таксырды ошондо көрдүм. Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт,ичи ооруган күлкү сүйбөйт дегендей топту алып алып чуркап баратканын көрсөң,буту суу тегирмендин парасындай айланат,ал эми менин чуркап баратканымды көрсөң жайлатылып көрсөтүлгөн тасмадай эле болуп калат экен.
Сокурдан күзөтчүң болсо элиңди жоого алдырат болбосун деп Нуржанды дарбазачы кылган элек. Октой учкан далай топтордун мизин кайтарып,демин басып жатты. Аркабызда дубал тургандай ишенип кенен ойноп аттык эле,бир этегин үзө баскан бир этегин жаза басат болуп арты артынан уюштурулган чабуулдардын жыйынтыгы кыраан кыйкырыктар менен бүтүп жатты.
Ошентип, бака майрыгын билбей жыланды ийри дейт болуп, башында алсыз деп тоготпой аткан эки команда финалга жолдомо алды.
Ишенген кожом сен болсоң кепшеген оозуң урайын дегендей, ыргып кеткендер,бери карап күлүп ары карап ыйлап,жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт дегендей үйдү көздөй жөнөп калдык. Финалды көрбөй калгандыгым үчүн алардан айтып бере албайм. Аны Абдулмаксуттан сураш керек.
Эми жеңелер жака назар салалы.
Биздики абдан кызыктуу болгон окшойт десем,жеңелердин оюну андан да кызыктуу болуптур.
Эл ичи өнөр кенчи дейт эмеспи, ачылбаган сандыкта бычылбаган кундуз бар дегендей,суроо жоопторду түзүп кызыктуу оюндарды уюштурган жеңелерге ыраазычылык. Бардык жаш балдарга жакшы маанай тартуулап парктагы машинага салып ойноткон Манас байкеге да ырахмат айта кетпесем болбос.
Мына ошентип тилектер орундалып максаттарга жеттик окшойт. Анткени өмүрү бири бирин көрбөгөн экөө бир командада болуп калып,бири бирине пас беришип ынтымакташып анан ошол эле жерде бүтүп калбай өмүр бою дос болуп өтөөрүнөн күмөнүм жок эле. Аллах биримдигибизди бекем кылсын!!!
Данияр уулу Айбек!!!
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев