Отурам коюу түндүн
кучагында,
ойлорум көк асмандын
тузагында,
жымжырттык курчап
алды бүт жагымды,
калдымбы бүтпөс кыял
кылдарында
Барактап өмүрдүн
барактарын,
байкабай өмүр өтүп
баратканын,
баркын биз сезсек экен
бул күндөдүн,
билинбей алга сызып
барат аным
Аппак кар айлананы жатат чулгап,
Аяздуу кыш кундору келген убак,
Керемет айланада бак дарактар,
Саймалуу бубактары турат ырдап.
Дарыя агып жатат шоокум менен,
Суротчу тартып койгон сымал,
Керемет кыш кундогу корунуштор,
Каалаймын баарынарга ачык маанай.
Урматтуу достор эже ини карындаштар сиздерге айтаарым менин атымдан Ilichbek Bakasov аттуу бир почта ачыптыр кимдир бироо сураныч ал адам ким экенин тапканга жардамдашыныздар ,
Жан дүйнөм менин махабатым.
Жан дүйнөм махабатым асылзатым,
Жашоодо издеп жүрүп сени таптым,
Мен сени ушунчалык сүйгөндұктөн,
Өзүңө далай далай ырлар жаздым.
Сұйұұнұн ачуусу бар таттуусу бар,
Жұрөктү жаралады далай жылдар,
Жете албай бир өзұңө асылзатым,
Жүрөктү муңканткан бир ыр жазылаар.
Жашоомдун шаңы болчу өзүң кана,
Жан дүйнөм арнайынчы мен да сага,
Ар дайым өзүң менен бирге болуп,
Жашасак бул өмүрдө бакыт таба.
Сүйгөнүм мен өзүңдөн алыстамын,
Жашоодо келет менин бирге жангым,
Өмүрдө жетелешип өзүң менен,
Жандырсак махабаттын шам чырагын.
Avtor ilichbek bakasov
Апам жана мен
Алтыным балам чоңойгун аман,
бактылуу болуп жашасаң анан,
жериңди сүйгөн элим деп жүргөн,
адам бол балам калк үчүн күйгөн.
Айдай апакем мээримин берген,
алпештеп мени алдейлеп келген,
күндөй апакем күлкүсүн берген,
күн сайын мени кадырлап келген.
Берекем менин медерим менин,
өмүрүң тилеп жашап мен келдим,
жашоомдун шамы үмүттүн таңы,
чоңоюп анан ачылсын багың.
Ак сүтүң актайм мээнетиң даңтайм,
бар болгун апам кадырлап барктайм,
ар дайым апа айтканың угуп,
элим деп жашап эмгегим арнайм.
Тилегим берсин айтканым келсин,
ар дайым бизге бакыт нур сепсин
бар болуп дайым ырыскы келсин,
тилегим менин ишке ашып кетсин.
avtor Ilichbek bakasov