Предыдущая публикация
Кара көзүң, назик сөзүң багындырган.
Көрбөй калсам бир заматта сагындырган.
Сүйлөгөнүң, жылмайганың мага дары.
Жылуулугуң кышымды да жазым кылган.
Көркөм сенин жан дүйнөң да, жоруктарың,
Аны менен бүт дүйнөмдү толуктадың.
Жашоомдогу эн жакшы күн кайсы десе?
Ал күн сага алгач ирет жолукканым.
Сүйөмүн да, кызганамын күндөн дагы.
Ырчы ырдаган кооз мукам үндөн дагы.
Мен үчүнсүң, кызганамын жада калса,
Өзүм сага берген букет гүлдөн дагы.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 4