Сестентпеген ызгаары да, ак кары,
Сезилбеген күндүн ыссык аптабы,
Азыр эми баары апа башкача,
Жүрөгүмдүн жүдөө сенсиз какканы.
Кыйнайт апа сенсиз жашоо октору,
Кыйнайт апа сагынуулар топтому,
Кыйнайт апа моюндалган айрылуу,
Жүрөгүмдүн жүдөө сенсиз соккону.
Раматылык бир тууганым Зияда эжемдин бүгүн туулган күнү. Бейиште жүрсүн ылайым!!!
Болгонунда алтымышка толмок эжем,
Балпайып төрдүн көркү болмок эжем,
Балдарынын убайын көрүп жыргап...,
Бапыраган небере жытка тоймок эжем.
Апам кетти сен тарапка тосуп алгын,
Адаштырбай атам экөөң кошуп алгын,
Аздектеп тур эжеке биз барганча,
Сага ишенип бир азга жоошуп алдым..
Сенден мурун апаке мен өлгөндө,
Он жыгылып,он туруп урунмаксың,
Мейиттимди көтөрүп жөнөгөндө,
Мени таштап кайда-деп жулунмаксын.
Сенден мурун апаке мен өлгөндө,
Кан какшаган үн менен боздомоксуң,
Кырк эле күн мен сага ыйлап турсам,
Канча жылдар апаке жоктомоксуң.
Сенден мурун апаке мен өлгөндө
Каралдым деп кан жутуп ыйламаксын,
Канчалаган адамды жөлөп турган,
Кейиттирип зээнин кыйнамаксың.
Менчи апа,сен күйчүүдөй күйө алдымбы,
Тирүүңдө сен сыяктуу сүйө алдымбы,
Билбейм апа барктадым,барктабадым,
Көңүлдөгү балаң болуп жүрө алдымбы.
Өйдөдө өбөк болчуу бир тууганым,
Өкүнүч,жыргалымда бир тураарым,
Өзгө эмес,баарыбызга сыймык болгун,
Өмүрүң балдай болсун бир сураарым.
Ылдыйда жөлөк болчуу бир тууганым,
Ыйласам,күлсөм дайым бир тураарым,
Ынагым сыймыгыбыз боло бергин,
Ыкыбал бийик болуп сенде ылайым.