28-апрелде Баткен, Ош жана Кара-Суу округдарында Жогорку Кеңештин депутатыгына шайлоо өтүп, добуш бергендердин активдүүлүгү төмөн болду. Бул жолку кайра шайл...
Кымбаттуу достор!
Биз ТИЗО-1де 6 ай кармалып турганыбызда, сиздердин чын жүрөктөн болгон колдооңуздарды күн сайын сезип турдук, ал үчүн ыраазычылык билдиргибиз келет. Сиздердин жылуу сөзүңѳр, азык-түлүк киргизип турган чын пейилиңиздер, абакта жаткан биз үчүн бир топ эле арка-жѳлѳк болду. Муну менен сиздер, акыйкат жана эркиндик дагы деле болсо биздин улуттун ажырагыс баалуулугу экендигин далилдей алдыңыздар!
Ушундай асыл сапаттар аркылуу, ошол баалуулуктарды туу туткан эркин коомду түзѳ алабыз деген үмүттүн шооласы кайрадан жандана баштагандай таасир калтырды.
Сиздердин ыйманы ысык, бийик парасаттуу асыл сапаттарыңыздардын алдында таазим кылабыз!
Сиздерди терең урматтап,
Сасыкбаева А.