Предыдущая публикация
Жүрүптүрмүн ушунча жыл бошто жашап.
Жакшылап ойлоп көрсөм, ойлор келди:
"Жашоом менин бекер эле өтүп атат".
Жүрөгүм эмнегедир ооруп жатат,
Жадады бирөөлөрдүн атын атап.
Жай гана өз жашоосун жашоо үчүн,
Жан дүйнөм бошонууга абдан шашат.
Жүрөгүм эмнегедир ооруп жатат,
Жаш тынбайт, көздөрүмдөн ылдый агат.
Жашабай жашатам деп жаткан менен,
Жаралап достор мени неге сатат?!
Жүрөгүм эмнегедир ооруп жатат,
Жашырат, жаракатын элден катат.
Жазаларын жаадырбастан улам эле,
Жаратканым өмүрүмдү качан алат?
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев