Предыдущая публикация
Канкорлорго дене бою ийилип.
Кандай элек, кайда элек, кыргызым?
Калдык эми напсибизге сыйынып!
Кыздарыбыз назиктигин жоготуп,
Кадыр-баркын, ар-намысын коротуп.
Кыялданып көңүл ачып жүрүшөт,
Кыз-жигит деп, өзүлөрүн сооротуп.
Бакыт дешип, арамдыктан уу жутуп,
Батыштыктын ыплас жолун туу тутуп.
Бейбаш болуп, түшүнүктөр өзгөрүп,
Бараткансыйт кыргыз кызы ар бузуп.
Байкап көрүп ичим күйдү тызылдап,
Баш оорутту, ачуулуу ой ызылдап.
Бактың үчүн татынакай карындаш,
Болгун дайым ыйманыңа өтө сак.
Биз үйрөнгөн аруу-таза сүйүү бар,
Бул сүйүүнү адал жолдон издеп тап?!.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев