Бирок мындайлардан айырмаланып, ошол өнүккөн өлкөлөрдө билим алып, маданиятын өздөштүрүп, бардык шарты түзүлгөн чет жерде калып калууга ыңгайы келип турса да, келечегин мекенине байлап, кайтып келип эл ичинде эмгектенип жаткан эр-азаматтарыбыз да бар. Ушундай мекендешибиздин бири Эмил Өмүрзак уулу. Ал күн чыгыш өлкөсү атыккан Жапонияда билим алып, болгондо да замандын талабына ылайык келген нанотехнология боюнча илим жактап, 26 илимий макаласын эл аралык абройлуу журналдарга жарыялаганга жетишкен. Мекендешибиз азыркы күндө мекенине кайтып келип, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде келечектин туткасы болгон жаш муунга илим үйрөтүп, эл кызматында.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев