Гүлүм.
Даарат алып бүткөндөн кийин келмесин айтып, андан соң даарат алгандан ашкан суусунан турган абалда ичип андан кийин "Аллоохумма ижьалнии минат тавваабиина, важ ьалнии минал мутатоххириин!" деп окуусу даараттын адептерине кирет. Имам Муслимдин (234) жана Имам Абу Даудтун (169) риваятында Азирети Умар Разиаллооху анхудан, Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: " Ким даарат алып болуп (Ашхаду ал лаа илааха иллааллооху вахдаху лаа шарийка лаху, ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расуулуху) деп айтса, ал адамга жаннаттын сегиз эшиги ачылып, каалаганынан кире берет!". Имам Термизийдин (55)риваятында: "Аллоохумма ижьалнии минат тавваабиина, важ ьалнии минал мутатоххириин!" деген дуба кошумча айтылат.
Имам Тахаавий, Имам Насааий, Ибн Жарирдин риваяттап, Абу Шейх сахих деп баа берген кабарда Хусейин бин Алий мындай дейт: Азирети Алий даарат алып акырында, даарат алгандан ашкан сууну туруп ичкендигин көрүп таң калганымда, мага карап: "Таң калба! Атаң (чоң атаң дегени) Пайгамбар алайхис салам да ушинтээр эле, даараттан ашкан суудан туруп ичээр эле".
Ал эми бул дубаларды өзүңүз уга тургандай өлчөмдө айткандыгыңыз макул. Тилдериңиз кыймылдаса, кулактарыңыз укса кыяматта күбөгө өтөөр.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1