Мен бир күйөөдөн чыккан келинге баш кошойун деп жатам. Бирок ал келин өзүмдөн улуу, анан дагы ата-энеси кызын кечтим, сендей кызым жок деп айтып коюптур. Никени кандай кылам? Мен дагы ата-энем жок жетимдерденмин.
Сен, биринчи эки рекет намаз оку, тууганым. Намазды окуп Кудайдан сура, ушул келинге үйлөнө турган болсом дүнүйөмө, диниме, акыретиме жакшы болгон болсо мага насип кыл де. Анан бул келинге үйлөнсөм дүнүйөмө, диниме, акыретиме начар болсо турган болсо анда мени андан алыс кыл деп дуба кыл. Эй Кудайым кайсыл жерде жакшы болсо ошол жакшылыкты мага насип кыл деп дуба кылсан, иншаАллах, андай кийин Кудай-Таалам көңүлүңө салат. Балким ата-энеси туура эмес эле кечип жибергендир. Ар кандай ыктымалы бар да, азыркы учурда ата-энелер намаз окуса да кечип жибергендери бар, башка кылса кечип жибергени бар. Же арак ичпей койсо кечип жибергендер бар. Же фасык бирөөгө күйөөгө тий деп айтса, тийбей койсо кечип жибергени бар. Анан нике кыйганда, бисмиллях деп нике кыя берет.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев