Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын Боогачы Жакыпбек уулу орто мектебинин 6-классынын окуучусу Кыял Черикбаева 6 жашынан бери ооруп төшөктө жатат. Бирок ал жөн жатпай дары-дармектерин алуу үчүн ар кандай түймө түйүп, аны 15 сомдон жогору баалап сатат.
Жаш чебердин айтымында, апасы Гүлжамалдын жасап жаткан кол эмгектерин көрүп, ага жардам берип жүрүп үйрөнгөн.
«Апам ишмер адам болгондуктан, ага жардам берип жүрүп үйрөндүм. Өзүм төшөктө болсом дагы бош жатпастан жиптен жана жүндөн байпак, башмак, топу, сумка, билерик, шакек, чач байлагыч жана жемпирлерди түйүп сатам. Эмгегимдин баалары 15 сомдон жогору бааланат. Албетте түшкөн акчаны апам дарыларыма жумшайт», - деди ал...
Кыял Черикба