Жумуртка сырткы күчтөрдүн таасиринен улам жарылса-ӨМҮР токтойт экен,бирок ошол эле жумуртка ички күчтөрдүн таасиринен улам жарылса-анда жаңы ӨМҮР жаралат.
Дал ошондой эле,бул жашоодо кээде биз артык кылабыз деп тыртык кылып алган учурлар көп кездешет.Нечен деген залкарлар кыйынчылыкты көргөндүгү үчүн,чыңалып,бийик даражага жетишкен.Эгер биз жардам бере берсек,кээ бир адамдардын ички потенциалын бууп койгонго барабар болуп калат.Балдарыбыз өз турмуш жолунда бир топ жолу жыгылат,дал ошол мезгилде жардам колуңузду эле суна бербей,сунуш же кеңеш "колуңузду" да сунуп үйрөнүңүз.
Балык жегенди эмес,балык кармаганды үйрөткүлө деп бекеринен айтпаса керек.
Даанышман элибиздин: "Мусапыр болмоюн-мусулман боло албайсың",-деп айтканына назар салсак,демек ар бир инсан чыныгы момундукка жетиши үчүн-кыйынчылык тепкичтеринен өтүүсү лазым.
Бул деген жардам бербей коюу дегендик эмес,а балким ошол жардамды да акыл менен берүү!
Анткени кээ бир учурларда аракетсиздик-кээ бир аракетке караганда жакшыраак!
Урматым менен, Нуриет Абдулазиз
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев