АКШ элинин 43 пайызын тамак аш, үй сыяктуу зарылдыктар менен камсыз кыла албайт.
АКШдагы эң ири “United Way” уюму даярдаган билдирүү жарык көрдү. Анда өлкөдөгү 119 миллион элдин 50,8 миллиону (42,6 пайызы) тамак аш, үй, саламаттык, бала багуу, байланыш, уюлдук байланыш сыяктуу жашоого зарыл болгон керектөөлөрүн камсыздай албаганы белгиленди.
Өлкөнүн 18 штатында жүргүзүлгөн иликтөөгө ылайык бул штаттардын ар биринде калкынын 30 пайыздан ашыгы башкы муктаждыктарын камсыздоого бюджети жетпей турганы белгиленген.
Эң бай делген Калифорния, туризмдин бейиши катары эсептелген Гаваи штатында элдин 49 пайызы жокчулук менен күрөшкөнү көңүл бурдурду.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев