МИРБЕК КУМАКОВ
Зидан “Реалдан” кетеби?
МИРБЕК КУМАКОВ
18-Май. 2018, Жума
“Реал Мадрид” футбол клубунун башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан быйылкы сезондон кийин кызматынан кетүүгө даяр. Бул тууралуу “El Confedencial” басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык Зидан Франция курама командасын жетектеши мүмкүн.
45 жаштагы атактуу машыктыруучунун “Реалдан” кетишине ар кандай божомолдор айтылууда. Эң биринчи себеби “Реалдын” быйылкы сезондо, ички аренада начар ойногондугу жана Испания чемпионатында үчүнчү орунга араң илингендиги болууда. Ал эми Чемпиондор лигасында утулуп калса, анда падышалык клубдун жетекчилигинин сабыры түгөнөөрү да белгиленүүдө.
Маалыматка караганда Зинедин Зидан машыктыруучу карьеринде ар кандай сунуштарды карай баштады жана Франция курама командасын жетектеши мүмкүн.
Мурда Зидан “Ливерпуль” менен беттешүүгө “Реалдын” оюнчулары 150 пайызга даяр экендигин жар салган.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев