Скандинавия өлкөлөрүндө жашаган мусулмандар касиеттүү Рамазан айында эң узак убакыт ооз бекитишет. Бул өлкөлөрдө бир суткада ооз бекитүүнүн орточо узактыгы 22 саатты түзөт. Бул тууралуу "net.tr" сайты маалымдайт.
Түркиянын Дин иштери башкармалыгынын маалыматында имсактын (таңкы маал) тартибине ылайык эң узун ооз бекитүү Швециянын Кируна шаарынын тургундары, Норвегиядагы Тромсё шаары жана Исландиянын Рейкьявик шаары. Аталган шаарларда ооз бекитүүнүн орточо узактыгы 22 саатты түзөт. Стокгольм, Осло, Копенгаген жана Хельсинкинин тургундары орточо эсеп менен күнүнө 20 саатка чейин тамак ичишпейт.
Столхольддогу мечиттердин биринин молдосу Джихат Куллай, алдыдагы орозо тууралуу сөз кылып, Швециядагы ооз бекитүү узактыгы 15тен 20 саатка чейин болот деп билдирди. Стокгольмдогу мусулмандар 20 саат 8 мүнөт тамактан нар татышпайт. Анын айтуусу боюнча, Швециянын түштүгүндөгү Кируна жана Норвегиянын Тромсё шаарында орозонун узактыгы бир күндө 22 саат чейин жетет экен.
Куллайдын билдирүүсү боюнча, “Ага карабастан Швецияда мусулмандар орозо кармашат. «Аба-ырайы бул жерде суук.ошондуктан биз ачкалыкка чыдамдуу боло алабыз. Күндүзгү намазды окугандан кийин, биз мукабеле өткөрөбүз (Куран окуу). Иша намазынан кийин биз “Таравих” намазын окуйбуз”,-деди ал.
Ал эми коңшу өлкөлөрдө канча убакыт кармашат десеңиз төмөндөгү календарга көңул буруңуздар. Маалымат булагы " http://life.ansor.info " алынды.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев