Жүз досуң - аздык кылат дайым абдан.
*****
Өмүрүнөн таалим, сабак ала албаган нааданга
Эч бир аалым бирдемеге үйрөтө албайт ааламда
*******
Билим сени жер жүзүнө таанытышы ыктымал
Ошондо да даанышмандын кеңешине кулак сал.
********
Тикенектер эч каптабайт мыктылардын короосун,
Жакшы болсон, буудай осуп, ырыскыга толосун.
Ар бир адам алган менен буйруп койгон энчисин
Турмушунда эмне сепсен, ошонунду оросун.
*********
Кетерин сезип турсан сени сатып,
Озуно тартпа аны жакындатып.
Бириксе эки тууган жакындашып,
Тоону да томкорушат акылдашып.
**********
Энчиңе ыраазы бол колдон келсе
Кырсыка алып келет ашык нерсе
*********
өмүргө кош айтабыз ажал келсе,
Атак - даңк өчпөй турган ыйык нерсе
********
Акыйкат жүргөн жерде жарык чачат
Корунуп жалган андан алыс качат.
Чындыка каршы чыккан эмне утат?
Жалынга алы жетпей түтүн жутат.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев