Байыркы кезде попкорнду миңдеген жылдар бою Американын индейлери колдонуп келген. Алар жүгөрүнүн (индейлер маис дешет) айрым түрү ысыганда жарыла турганын байкашкан да, ошондой жүгөрүнү пайдаланууга өтүшкөн. Мындай жүгөрү данынын өзгөчөлүгү курамында биртке суусу бар крахмалга ээ экендигинде. Данды ысытканда суу кайнайт да, буу кабыкчаны жарып, дандын көлөмү чоңоёт.
Биздин заманда. Колумб Американы ачкандан кийин акырындап индейлердин бул азыгы башка өлкөлөргө тарай баштаган.
1885-жылы Чикагодо Чарльз Криторз аттуу адам попкорнду чыгаруучу алгачкы аппаратты ойлоп таап, аны өркүндөтүүгө өткөн.
1984-жылы микротолкундуу мештер үчүн попкорн ойлонуп табылган.
Попкорнду даярдоонун жөнөкөй жолу болуп данды көмөчтан же мискейдеги майга кууруу болуп саналат.
Кээ бирлер попкорндун даамын жакшыртуу максатында кумшекер кошушса, кээлери туз кошушат.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев