#МинБирФакт
Аль – Харам мечитинде ибадат кылып жүргөн бай киши, пол жууп жүргөн карып калган абышкага садака берет. Абышка ага карап жылмайып, өзүнүн капчыгынан акчасын бир канчалаган банктын карточкаларын көрсөтүп: “Садакаңыз үчүн рахмат. Мен акчага муктаж эмесмин. Акчаңызды жардыларга бериңиз” дейт.
Ажылыкка келген мусулман, аябай таң калып сурайт:
- Сиз кимсиз, бул жерде эмне кылып жүрөсүз?
- Мен бир гана Кудай алдында карызмын ошону үчүн иштеп жүрөм. Индияда түрдүү шаарларда көптөгөн мейманканаларым бар. Баары иштеп, чоң пайда алып турам. Убак-убагы менен Сауд Арабияга келип, мечитти тазалап жууганга келем... Менин бир эле максатым, Жаратканга топук келтирүү, мен Алла үчүн иштеп жатам”, дейт.
Ажыга келген адам, ишенбей мечиттин кызматкерлеринен сурайт. Мечиттеги кызматкерлердин баары, мечит жууган абышканы, "ал индиялык мультимиллионер" деп тастыкташкан.
Мына, ушул көрүнүштүн биздин бай көпөстөр, сараң байлар үлгү алышса жакшы болот эле.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев