😂😂😂🤪🤪
Кымча бел кыргызымдын кыздары,алтындай болгон апалар,эжелер, сиңдилер... Сиздерди 8- март аялдардын Эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ар дайым үйдүн көркү,куту болуп жүрө бериңиздер. Жүзүңүздөрдөн жылмаую кетпесин жалаң Гана жакшылыктын үстүндө жүрүңүздөр кайгы капа болбосун. Бактылуу болуңуздар мен АЛЛАХ учун сиздерди жакшы көрөм😘😘😍😍😍💐💐💐 #Айнура_Нуралиевна "Аял" Ат көтөргүс азапка көнгөн аял. Түн уйкусун перзентке бөлгөн аял. Миң кыйналып сызылып турса дагы. Эч нерсег
Бир киши акылманга келип, сураган экен: "Менин балам төрөлгөнүнө сегиз ай болду, тарбияны качан баштасам болот?" десе, акылман айткан экен: "Сен бала тарбиялоодо кеч калыпсың, бала тарбиялоо эненин курсагынан башталат" деген экен. Бала тарбиялап, үлгүлүү ата-эне болом дегендерге 10 насаат. 1. Өз балаңды өзүңдөй же сен каалагандай болот деп күтпө, ага өз алдынча болуусуна жардам бер. 2. Ызаңды балаңдан чыгарба, эмнени эксең, ошол өнүп чыгат. 3. Бала үчүн жасаган нерсеңди кадыр-колко кылба, с
Кыйын болбосо лентаңызга сактап коюуңуз, досторуңуз да биле жүрсүн. 1) Куранда 114 сүрө, 6236 аят, 77439 сөз, 320015 тамга (арип) бар. 2) Курандагы эң узун сүрө Бакара (286 аят) сүрөсү, ал эми эң кыска сүрө ал Каусар (3 Аят) сүрөcү. 3) Куранда 25 пайгамбардын ысымы гана аталган. 4) Куранда эң касиеттүү аят ал Аят уль-Курси, ал эми эң касиеттүү сүрө ал Фатиха сүрөсү. 5) Куранда жаныбар менен жандыктар ысымы менен аталган 5 сүрө аталган. Алар: Намл(кумурска), Нахл (аары), Бакара(уй), Филь(пи
УНЧУКПАЙ КАЛУУ КҮЧТҮҮ НЕРСЕ ЭКЕНИН 5 СЕБЕБИ Кээ бир адамдар унчукпай калууну билишет. Бул бактылуулар тынчтыктын күчүн билишет жана бир да сөз сүйлөбөстөн өздөрүн ыңгайлуу сезишет. Көп адамдар унчукпай калууну үйрөнүүсү керек. Унчукпоо адамдарды өзүнө көңүл бурдурат Эгерде силер мектептеги классты же топтолгон адамдарды толугу менен көңүл бурдурууну кааласаңар, анда жөн гана унчукпай койсоңор, ошол ийгиликтүү болоорун байкасаңар керек. Качан гана мугалим же лектор унчукпай калса, анда
АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG
added February 25 at 20:04
Пияз бут ооруну айыктырып, помидордун түшүмдүүлүгүн арттырат Кадимки биз күн сайын колдонгон пияздын пайдалуу жактары туурасында айтып отурсак түгөнбөйт. Мына ушул пияздын өзү эле эмес, анын кабыгы да адам баласы үчүн абдан керектүү экен. Пияз кабыгынын тундурмасы жүрөк кан тамыр оорусунун алдын алып, ашказан-ичегиге да жагымдуу таасири бар. Пияздын кабыгын кайнатып ичсе, ал стресске каршы жакшы жардам берет. Мына ушул пияз кабыгынын 7 керемети тууралуу айтып берели. 1. Курч кармаган бронхит
АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG
added February 25 at 20:04
Ит мурундун пайдалуу жактары Аңкыган гүлү менен жаратылышка көрк берип, мөмөсү адамдардын организмин чыңаган ит мурун өсүмдүгүнө көп деле маани бербейбиз. Көптөгөн ооруларга дарылыгы бар өсүмдүктү табигый дармек деп да атап койсок болчудай. Ит мурундун курамында: 14-60 грамм суу, 1,6-4 грамм белок, калий, кальций, магний бар. Ошондой эле B1, B2, PP, K, E жана C витаминдерин кездештирүүгө болот. Аталган жемиштин курамында C витамини карагаттыкынан 5-10 эсе, лимондукунан 40 эсе көбүрөөк. Анын
АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG
added February 25 at 05:31
Арыктоо жөнүндө Лимон – организмдеги токсиндерди жок кылып, ашыкча майларды эритүү, кан басымын жөнгө салуу касиетине ээ. Курамындагы витамин жана минералдар энергия тартуулап, теринин сулуулугун арттырып, тырмактарды күчтөндүрөт. С витамини менен камсыздайт, ошондой эле түрдүү диеталарда сунушталып келе жатат. Лимон кошулган суунун жардамы менен арыктоо: * Эртең мененки тамактан мурда (ач карынга) ичилген 1 стакан лимон кошулган суу ток кармап, табитти жабат. * Заараны тез чыгарып, денедеги шиш
АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG
added February 25 at 05:28
Мугалим эжей сабак өтүп атып Акматов турчу кана айтчы Кыямат повестин ким жазган десе окуучу ылдый карап айтат экен . Билбейм эжей мен жазган эмесмин , десе эжейинин жини келип , Эй акмак деле сенин окуган күнүң болобу , карачы журналда бааларың бүт эки экен сен минтип жүрсөң адам болбойсуң , карап тур анан үйүңө барып ата энеңе айтпасам элеби деп , кечинде тиги баланын үйүнө келип , энесине жолугуп айтат экен. Балаңыз деги үйдөн окуйбу , бүт баалары эки карасаңар боло жана окуудан Кыямат повест
АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG
added February 25 at 05:27
Кыргыздын аялдары өмүр бою өзүбүздөн өзүбүз аянып (экономить)этип эле өтөт экенбиз*.😱 Күйөөгө тийгенден баштап майрамга гүл көтөрүп келсе🌹: -Канча акчага сатып алдың?Оомиий 😱ал акчага жаңы чыккан пиала чайнек,же болбосо бир жумага жетээрлик эт 🥩🍖сатып алсаң болмок🙄; -Балалуу болгондо балдарым витамин жесин деп,көйнөк кийбей👗,🙅♀эски ботинкабызды улам ремонтко алып барып кийип🥿👢;🤭 -Балдар мектепке барганда элдин балдарынан кем болбосун деп баардыгын балага алып берип, 2жыл кийген
Show more
24 Apr 2019
95 265 participants in the group
Join
АЙРАН ЖАНА СУТ АЗЫКТАРЫ. Айран менен сүт азыктарынын сары суусу сулуулук жана ден соолук үчүн пайдалуу экени белгилүү. Бирок, көптөр аларды кантип пайдаланууну так биле бербейт. Буга байланыштуу аталган азыктарды колдонуунун жолдорун сунуштайбыз. Айран Саламаттыкта Организмди шлактардан тазалоочу табылгыс азык. Бул үчүн башка тамак-аштарды биротоло чектеп, 3 же 5 күн бою айранды гана ичип туруу керек. Тамак ичүүгө табит тартпай турганда айран ичиңиз. Анын жагымдуу даамы ашказан бездерин иштетип, мунун эсебинен табит ачылат. Айран тамак сиңирүүчү каражат катары да жакшы жардам берет. Тамагыңыз сиңбей кыйналсаңыз айрандан бир стакан ичип койсоңуз, 50-60 мүнөттө жегениңиз аш болот. Майлуулугу жокко барабар болгон айранды ичип турса, ал жүрөк кемтиги, атеросклероз, миокард инфаркты сыяктуу кан тамыр ооруларынын өөрчүүсүн басаңдатат. Өзүңүздү алсыз сезип, сасык тумоо айланчыктап турганда айран ичип туруңуз. Ал иммунитетти бекемдеп, ооруга каршы турууга жардам берет. Комплекстүү аллергияга жакындыгы бар болгон шартта да айран ичип туруу керек. Ал аллергияга чалдыгуудан натыйжалуу коргойт. Косметологияда 3 аш кашык талканды идишке салып, үстүнө аны көмгүдөй кылып айран куясыз. Жакшылап аралаштырган соң бетиңизге жаап, 15 мүнөттөн кийин жууп саласыз. Анан майлуу кремден сүйкөп койсоңуз, териңиздин кургактыгы билинбей калат. Териңиз майлуу болсо, эртең менен бетиңизге айрандан тегиз кылып жаап, 15 мүнөттөн кийин салкын сууга жууп салыңыз. Бул майлуулукту азайтуу менен катар бетти назик кылат жана агартат. Бир жумуртканын агы менен 2 аш кашык айранды аралаштырып бетиңизге сүйкөйсүз. 15 мүнөттөн соң салкын сууга жууп салсаңыз, териңиз кургабайт. Түбүндө шекер кошулбай ичилген кофенин жугу калган идишке 2 аш кашык айранды куюп, жакшылап аралаштырасыз. Анан аны сууланган бетиңизге жаап бир мүнөткө жакын массаждап турасыз. 10 мүнөттөн кийин жууп салсаңыз, бетиңиз назик болуп, жагымдуу көрүнүп калат. Теринин майлуулугунан улам беттин жылтырап жүргөнүн каалабасаңыз, кадимки дрожждун жарымын идишке салып, ага бир жумуртканын сарысын, бир нече тамчы лимон ширесин жана бир аз айран кошуп туруп сүйкөп, 10-12 мүнөттөн кийин кайра жууп жүрүңүз. Айран чачтын түшүүсүнө каршы да жакшы жардам берет. Ал үчүн алгач айранды жылытып чачыңызга сүртөсүз. 15 мүнөттөн кийин жылуу сууга жууп саласыз. Мындай ыкманы бир айдын ичинде 5-6 жолу кайталасаңыз чачыңыз түшпөй, сапаттуу болуп калат. Капуста ширеси менен айранды теңме-тең аралаштырып, муну уктоо алдында бетиңизге сүйкөп кайра жууп турсаңыз, андагы майда кара чекиттер жоголот. Сүт азыктарынын сары суусу Саламаттыкта Сары суунун курамында лактоза бар. Андыктан, андан тамак алдында бир стакан ичип алса, ал ичти көптүрбөйт жана тамактын тезирээк аш болуусуна жардам берет. Иммунитетти күчтөө үчүн күн сайын эртең менен бир стакан сары суу ичсеңиз болот. Сары суунун курамындагы В витамини организмде май менен көмүртектин алмашып туруусун тездетет. Андыктан, аны арыктоо үчүн да колдоно бериңиз. Сары сууну күн сайын ичип турсаңыз, ал чарчоону жазып, жумушка болгон жөндөмдүүлүктү жогорулатат. Курамындагы калий элементи болсо унутчаактыкты жоюп, эс-тутумду кайтарат. Стресске каршы эң жакшы каражат. Себеби, ал стрессти пайда кылуучу гормондорду жок кылып, кубаныч гормону аталган серотонинди бөлүп чыгарат. Организмди уулардан жана шлактардан тазалоодо маанилүү. Ал үчүн эртең менен ачкарын бир стакан сары суу ичип коюңуз. Косметологияда 3 аш кашык быштак менен 3 аш кашык сары сууну аралаштырып бетиңизге жабасыз да, 10 мүнөттөн кийин жылуу сууга жууп саласыз. Муну күн ара кайталап турсаңыз, беттеги сепкилдерди кетирүүгө жардам берет. Күнгө күйүп калган дененин оорусун жана кызылын кетирүү үчүн бир ванна жылуу сууга 2 л сары сууну куюп алып, ага 20 мүнөт жатуу керек. Эки колуңуз кенен бата турган идишке сары сууну куясыз да, ага бир чай кашык оливка майын аралаштырасыз. Бир аз жылытып алып, аралашмага колдоруңузду салып отурсаңыз, тырмактар катмар-катмар болуп сынбайт жана колдун териси назик тартат. Жумасына 2 жолу жасап туруу шарт. 1 аш кашык ундай болуп майдаланган буурчакка бир аз сары суу кошуп аралаштырасыз. Анан бетиңизге тегиз жаап, 15-20 мүнөттөн соң салкын сууга жууп салсаңыз, бетиңиздин териси майлуу болбой калат. Чачыңызды сары сууга чайкап, 15-20 мүнөттөн кийин кайра шампунь менен жууп салсаңыз, жибектей шуудурак чачка ээ болосуз. Мындай ыкма чачтын түшүүсүн дагы токтотот. Эртең мененкисин жана кечкисин сары сууну бетиңизге сүйкөп, кургаганда жылуу сууга жууп салып турсаңыз, кара тактар түшпөйт. Сары сууну муздаткычтын тоңдургучундагы калыпка куюп тоңдуруп, улам бирден чарчы музду алып бетиңизге сүртүп турсаңыз да бул кара тактарга каршы натыйжалуу каражат болуп эсептелинет. Сүт азыктарынын сары суусун алуунун жолдору: Сүттү жылуу жерге коюп койсоңуз, ал ачыйт. Ошондо гана аны жай отко коюп коёсуз. Убакыт өткөндөн кийин сүттүн бетинде быштактын бүртүктөрү пайда болот. Бул маалда аны оттон чыгарып муздатып марлядан өткөрүп жиберсеңиз, таза сары сууну аласыз. Бир литр сүттү отко коёсуз. Кайнай баштаганда ага бир лимондун ширесин кошуп жиберип дароо оттон чыгарасыз. Бир азда сүт быштактын бүртүкчөлөрүнө жана сары сууга бөлүнө түшөт. Анан аны марлядан сүзсөңүз, сары суусу өзүнчө калат. Уюган айрандын коюусун өзүнчө алып алсаңыз, мискейдин түбүндө айрандын сары суусу калат. #airan
К ГБ
24 Apr 2019
  • 0
🌼🌼 🍀🍀
25 Apr 2019
  • 0
👑💞 🌺👑
25 Apr 2019
  • 0
islambek gauvaliev
25 Apr 2019
  • 0
Aruuzat Arapovna
25 Apr 2019
  • 0
Б А Х
25 Apr 2019
  • 0
ТММ zamujem
25 Apr 2019
  • 0
Айзат 👑
25 Apr 2019
  • 0
Eliza Azimova
25 Apr 2019
  • 0
Nurbek Avalbekov
25 Apr 2019
  • 0
7777777777 2323232323
  • 0
Log in or sign up to add a comment