Адамдын жашы өткөн сайын, анын бетиндеги тешикче клеткаларынын чоңоюп кетүүсүн байкоого болот. Аларды кетирүү жолун сизге сунуш кылабыз. Кымбат баалуу косметикалык каражатты колдонгондун ордуна, үйдө отуруп төмөнкү нерселерди колдонуп, андан арылсаңыз болот.
Ага алгачкы жардам ирээтинде сизге алоэ вера өсүмдүгү жардамга келет. Ал үчүн түнкүсүн жатаарда алоэ вера өсүмдүгүн бетиңизге сүртүп, эртең мененкиге чейин коюп коюңуз. Аны сиз эртең менен турганда жылымык суу менен жууп саласыз. Мындай ыкма, сиздин бетиңиздеги чоңоюп калган тешикчелерди кичирейтүүгө жардам берип, беттеги көрүнбөгөн кирлерди тазалап, бетиңизди жылмакай кылып коёт.
#12
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6