Аллергия – акыркы убакта эң көп кездешүүчү илдеттердин бири. Организмдин айлана-чөйрөдөгү түрдүү заттарга, башкача айтканда аллергендерге болгон өзгөчө сезимталдыгы адамдын жашоосунда ыңгайсыздыктарды жаратпай койбойт. Мисалга суукка болгон аллергияны алалы. Илдеттин мындай түрүн «псевдоаллергия» деп аташат. Башка түрлөрүндө аллергиялык реакция жогоруда айтылгандай аллергендердин аркасында пайда болсо, суукка болгон аллергияны жөнөкөй эле төмөнкү температура жаратат.
Аллергия – акыркы убакта эң көп кездешүүчү илдеттердин бири. Организмдин айлана-чөйрөдөгү түрдүү заттарга, башкача айтканда аллергендерге болгон өзгөчө сезимталдыгы адамдын жашоосунда ыңгайсыздыктарды жаратпай койбойт. Мисалга суукка болгон аллергияны алалы. Илдеттин мындай түрүн «псевдоаллергия» деп аташат. Башка түрлөрүндө аллергиялык реакция жогоруда айтылгандай аллергендердин аркасында пайда болсо, суукка болгон аллергияны жөнөкөй эле төмөнкү температура жаратат.
Пайда болуу себептери
Суукка болгон аллергия көбүнесе теринин сезимталдыгынан же болбосо инфекциялык жана өнөкөт ичеги-карын ооруларынын кесепетинен, иммунитеттин алсыз болгондугунан пайда болот. Мындан сырткары, аллергиянын бул түрүнө илдетти ичтен билген, башкача айтканда, аллергиянын бөлөк түрү менен жабыркап келген адамдар көп кабылат. Укумдан-тукумга өтүүчү фактор да бул илдетке түздөн-түз тиешелүү. Статистикага таянсак, суукка болгон аллергия эркектер жана наристелерге караганда аялзатында көбүрөөк кездешет.
Аллергиянын белгилери
Илдеттин белгилерин үч түргө бөлүп карасак болот:
Ринит. Суукка чыгар замат адамдын мурду бүтүп, чүчкүрө баштайт. Көпчүлүккө булар суук тийүүнүн белгилери катары белгилүү, бирок аталган белгилер жылууга кирери менен кайрадан жоголуп кетет.
Конъюнктивит. Бул учурда көздүн былжыр чели сезгенип, көздөн жаш чыгып, кызарып, ачышат.
Дерматит. Беттин жана колдордун териси кызарып, кургап, кычышуу пайда болот.
Бөрү жатыш
Суукка болгон аллергиянын эң кеңири тараган түрү – бөрү жатыш. Адам үшүп калганда денесин кызыл тактар каптап кетет да, алар кычышып жанды кыйнайт. Аары чагып алган сымал дөмпөйүп чыккан ал тактар ысып, дененин табын көтөрүшү мүмкүн. Илдетке чалдыккан адамдын алы кетип, чыйрыгат, жүрөгүнүн согушу ылдамдап, муундары какшап чыгат. Айрым учурларда оорулуу анафилакциялык шокко кабылып, өмүрү менен кош айтышы мүмкүн.
Кантип дарылоо керек?
Суукка болгон аллергияны дары-дармектин, гипоаллергендик диета жана элдик медицинанын жардамы менен дарылай алабыз. Эсиңизде болсун, ооруну өз алдынча дарылоо туура эмес. Сөзсүз дарыгерге кайрылып, ал жазып берген гана медициналык каражаттарды колдонуңуз. Диета тууралуу сөз кыла турган болсок, рационуңуздан цитрус жемиштерин, спирт ичимдиктерин, козу карын, шоколад, кофе, кызыл түстөгү жашылча жемиштерди ж.б чыгарып таштаңыз.
Дары чөптөр
Ооруну айыктырууда дары чөптөрдүн жардамы чоң. Суукка болгон аллергияда тегерек баш чөп (тысячелистник) табылгыс каражат. Ал аллергия менен күрөшүп эле тим болбостон зат алмашуу процессин да жакшыртат. Дарыны даярдоо ыкмасы эң жөнөкөй: 1 аш кашык чөптүн үстүнө 1 стакан кайнак суу куюп, 45 мүнөт тыныктырып коюу керек. Чыпкалап алган соң даяр болгон маңызды үчкө бөлүп алып, күнүнө үч ирет тамактанаар алдында ичип туруу зарыл. Ал эми теринин кызарып, кычышуусунда ашкөк маңызы сунушталат. Аны даярдоо үчүн ашкөктүн кургатылган тамырын майдалап, үстүнө алдын-ала кайнатылган муздак суудан куюп, эки саат тыныктырат. Жогоруда айтылгандай, тартип менен күнүнө үч маал кабыл алуу керек.
Алдын алуу
Илдеттин алдын алуу үчүн эшикке чыгарда сөзсүз түрдө жылуу кийинип чыгыңыз. Баш кийим, моюн орогуч, кол капсыз жүрүү дегенди унутуңуз. Терини сууктан коргоо үчүн бети-колго майлуу бетмай сүйкөп алган жакшы. Ал эми эриндериңизди сууктан гигиеналык помада сактайт. үйдөн чыгып бара жатканда ысык чайдан ичип алсаңыз дагы суукка туруштук берүүгө көмөк көрсөтөт. Колдон келсе эшикке көп чыкпай, жылуу имаратта болгонуңуз оң. Баса, аллергиясы барлар муздак тамак менен суусундуктардан таптакыр баш тартуусу керек, жылуу мезгилде дагы.
Дункан тести
Суукка болгон аллергия менен жабыр тартасызбы же жокпу билүү үчүн дункан тестин колдонсоңуз болот. Муздун кичинекей бөлүгүн аласыз да, кырк муундукка коюп, 20 мүнөтчө кармап турасыз. Колуңузда кызыл тактар пайда болуп, кычыша баштабаса сүйүнө бериңиз, сизде аталган илдет жок.
Биле жүр!
Кашкулактын майы суукка болгон аллергияда жакшы жардам берет. Майды ичсе да, териге сүйкөсө да болот. Тамактанаардан 40 мүнөт мурда 1 аш кашык кашкулак майын ичүү, ал эми эшикке чыгарга 20 мүнөт калганда терини май менен жакшылап майлап алуу илдеттин алдын алат.
Суукка болгон аллергия сөзсүз эле кыш мезгилинде эмес жайкысын да пайда болуусу мүмкүн. Муздак сууга түшүү илдетти козгойт.
Самын терини кургатып, жукартып жибергендиктен, аны менен көп колду жууй бербөө керек.
Синтетика жана жүн кийимдер аллергияны күчөтүүсү мүмкүн, андыктан кышкы кийимдердин кебезден болгону дурус.
Кызык экен!
* Адамдын денесинде суукту сезүүчү 250 000 чекит бар. Алар ар кайсы жерде жайгашкан. Эң кызыгы, чекиттер чачта жана тырмакта болбойт, ал эми алардын эң көп жайгашкан жери – бел жана манжалардын учтары.
* Адамдын сууктан коркпогон органы – көз, ал эч качан үшүбөйт.
* Жер планетасындагы эң төмөн температура 1983-жылы Антарктидада катталган. Бул жылы континетте -89,2 градустук суук орун алган.
* Дүйнөнүн эң суук жери катары Россиянын Якутск шаары эсептелинет. Ал жердин эли үчүн -40 градустук суук кеп эмес.
* Ачка адам карды ток адамга караганда батыраак үшүйт.
* -20 градустук суукта кандай болбосун металл түрүнө адамдын териси чапташып калат. Кичинекей кезиңизде сиз да темирге тилиңизди тийгизип көрүп, бул фактыны текшерген чыгаарсыз.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев