ЗЫЯНЫ!
Бүгүнкү биздин заманда
заманбап тиричилик
каражаттарын колдонбогон
адам болбосо керек. Анткени
алардын бул же тигил ишти
жеңилдетүүдө пайдасы зор.
Бирок ошол эле учурда бул
тиричилик химияларынын
адамдын организмине
тийгизген зыяны да чоң.
Кандай зыян тийгизерин, андан
коргонуунун жолдорун
кененирээк карап көрөлү.
Тиричилик каражаттарынын
курамындагы зыяндуу
заттардын тизмеси
ПАВ – үй тиричилиги үчүн
чыгарылган химиялык
каражаттардын бардыгынын
курамында кездешүүчү зат. Ал
липиддер менен белоктордун
ортосундагы байланышты
бузуп, ар кандай кирлерди
кетирет.
ПАВдын зыяны: теринин эң
үстүңкү катмарынын арасына
кирип алып, адамдын
организминде чогула берет.
Анан иммунитетти түшүрөт.
Жүрөк, боор, бөйрөк, өпкө
сыяктуу ички органдарга терс
таасирин тийгизет.
Фосфаттар. Булар ПАВдын
адамдын организмине
кирүүсүн жеңилдетет.
Фосфаттардын зыяны:
онкологиялык оорулардын
өсүшүнө шарт түзөт. Ошол
себептүү курамында фосфаттар
бар каражаттарды колдонууга
көпчүлүк Европа өлкөлөрүндө
тыюу салынган.
Хлор. Дезинфекция жана
жугушсуз кылуу үчүн кеңири
колдонулат.
Хлордун зыяны: теринин
арасына жана дем алуу
жолдоруна кирип, кандагы
гемоглобинди түшүрөт.
Мындан тышкары аллергияны
чакырат, залалдуу
шишиктердин пайда болушуна
жана мутанттыкка алып келет.
Триклозан. Зыяндуу, ошол эле
учурда пайдалуу да
микроорганизмдерди жок
кылуу менен ар кандай
кирлерди, тактарды эң сонун
кетирет.
Триклозандын зыяны: адамдын
организмине түшкөндө
организмдеги зыяндуу жана
пайдалуу бактериялардын
балансын бузуп, аллергияны
күчөтөт.
Ферменттер – тиричилик
каражаттарына жыт берүүчү
зат.
Ферменттердин зыяны: дем
алуу жолдорун дүүлүктүрүп,
аллергияны чакырат. Ошондой
эле организмдеги гормоналдык
тең салмактуулукту бузат.
Эң зыяндуу тиричилик
каражаттары кайсылар?
Абаны тазалоочу чачыратмалар
Дааратканаларда кеңири
колдонулуучу абаны тазалоочу
каражаттар зыяндуулугу
жагынан биринчи орунда
турат. Анткени анын
курамындагы этиленгликоль
деген зат борбордук нерв
системасынын иштөөсүн бузуп,
бөйрөктөрдө таштын пайда
болуусуна шарт түзөт жана
өпкөлөрдүн шишип кетүүсүнө
алып келет. Ал эми абаны
тазалоочу каражаттардагы
дагы бир фталаттар деп
аталган зат адамдын
организминдеги
тестостерондун ишине терс
таасирин тийгизет. Мындан
эркектин уруктугунун сапаты
начарлап жыныстык жактан
шал оорусу пайда болот.
Адистердин көп жылдык
изилдөөлөрүнөн кийин
адамдагы өнөкөт бронхит,
астма ооруларынын да
себептеринин бири дал ушул
каражат деп табылган.
Кандай табигый каражаттар
менен алмаштырууга болот?
Идишке салынган лимондун же
апельсиндин кесими жагымсыз
жыттан арылтып, абаны
тазалоочу эң сонун табигый
каражат болуп эсептелет.
Ванна, раковиналарды
тазалоочу каражаттар
Булар өтө күчтүү химиялык
каражаттар болуп эсептелинет.
Анткени ал бир эле учурда
жуучу, дезинфекциялоочу,
датты жана кебээрди жок
кылуучу бир нече кызматты
аткарат. Анын курамындагы
хлор рак оорусуна кабылуу
коркунучун туудурат, ошондой
эле аз кандуулук, гипертония,
аллергия ооруларын козгойт.
Ал эми курамына кирүүчү
фенол жана крезол деген
заттар боор менен бөйрөктүн
ишин оорлотот. Жегичтер
менен кислоталар болсо дем
алуу жолдорун дүүлүктүрөт.
Кандай табигый каражаттар
менен алмаштырууга болот?
Жарым стакан уксуска 1 чай
кашык сода, 1 чай кашык туз
жана жарым лимондун
ширесин аралаштырып, 10
мүнөт тыныктырып коёсуз.
Андан кийин бул табигый
каражат менен ванна, унитаз,
раковиналарыңызды жуусаңыз,
натыйжасы заманбап
химиялык каражаттардан кем
эмес экенине өзүңүз күбө
болосуз.
Айналар
Зыяндуулугу жагынан 3-орунда
кир жуучу айналар турат.
Алардын курамында ПАВ жана
фосфаттар бар. Бул заттардын
зыяны тууралуу жогоруда
айтылды.
Кандай табигый каражаттар
менен алмаштырууга болот?
Пахтадан жасалган кийимдер
туз кошулган суу менен (1 л
сууга 1 чоң кашык туз). Түстүү
кийимдер крахмалдын
эритмеси менен жакшы жуулат.
Эң жакшысы кир жууда айнаны
эмес, самынды пайдаланган
жакшы.
Идиш жуучу каражаттар
Булар идишти дайым эле таза
жууй бербейт, натыйжада
тамак менен кошо организмге
түшөт. Организмде чогула
берет, чогула берет, анан бир
күнү бери болгондо
аллергияны, ары болгондо
ракты чакырат.
Кандай табигый каражаттар
менен алмаштырууга болот?
Идиш жууда эң натыйжалуу
каражат – сода.
Газ, плиталарды жуучу
каражаттар
Май, кирлерди кетирүүчү
мындай каражаттардын
курамында көп өлчөмдөгү ПАВ
заты бар. Ал иммунитетти
түшүрөт, аллергияны чакырат,
мээнин, боордун, бөйрөктүн,
өпкөлөрдүн ишин начарлатат.
Кандай табигый каражаттар
менен алмаштырууга болот?
Кир жуучу самын, сода
кошулган жылуу суу - газ,
плиталарды жуудагы эң
натыйжалуу табигый каражат.
Ал эми дат баскан жерлерди
уксус жакшы кетирет.
Айнек жуучу каражаттар
Айнекти жалтыратуучу
чачыратма каражаттар
зыяндуулугу боюнча кийинки
орунда турат. Алардын
курамына кирүүчү аммиак дем
алуу жолдорун жана көздү
сезгентип, башты оорутат.
Кандай табигый каражаттар
менен алмаштырууга болот?
Туз кошулган сууга малынган
капрон колготки менен
жуусаңыз болот.
Зыянсыз жууп-тазалоонун
эрежелери
- Каражаттардын сыртына
жазылган жол-жоболорго
маани берип, ал эрежелерди
бекем сактаңыз.
- Химиялык каражаттардын
идиштеринин оозун ачык
калтырып койбоңуз. Алардагы
айрым заттар абага чыкканда
зыяндуулугу күчөйт.
- Каражаттардын жыпар жыты
жокторун тандаңыз.
- Жууган соң кайра-кайра
чайкаңыз. Мисалы, бир идишти
20 секунддан кем эмес чайкоо
талапка ылайык.
- Жууп-тазалоодон кийин
терезелерди ачып, бөлмөнү
бир нече мүнөт желдетиңиз.
- Химиялык каражаттарды
дайым эмес, өтө зарыл болгон
учурда гана пайдаланууну
адатка айлантыңыз.
- Үйдү химиялык
каражаттардын жардамы
менен жууп-тазалоодо сөзсүз
түрдө бетиңизге бет кап,
колуңузга кол кап кийип
алыңыз.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1