Формалинге чыланган тоок, окорочкалар жоон ичеги жана эмчек рагына алып келет
Негизи европада, Кытайда, дегеле чет өлкөдө эт багытындагы тоокту балапан кезинен антибиотиктердин, дарылардын жардамы менен семиртишерин билсек деле көбүбүз тоок этине жабышабыз. Анткени баасы арзан, даярдаганга оңой. Өзөк жалгап алыштын оңой жолу да азыр гриль. Шам-шум эткенге мындан өтөөр кандай жакшы тамак бар? Бирок, гриль кыска убакыттын ичинде ден-соолукка канча зыян келтирип жатканын ойлогондор да билгендер да аз.
Гриль жасоо үчүн бүтүн тооктун бир нечесин чоң идиштеги ар кандай кошумаларга чылашат. Кыргызстандагы тооктун этинин дээрлик көпчүлүгү чет өлкөдөн экспорттолот. Эт эки түрдө: бүтүн бойдон жана жиликтенип (окорочка) алынып келет. Айрым сатуучулар грилди үйдүн тоогу, колго багылган деп сатышы да мүмкүн. Ага миң ишенсеңиз да кыргыз тоогу андай семирбейт. Негизи санитардык эреже боюнча тооктун эти эки жумадан ашык турбашы керек. Санитардык көзөмөлдү мындай кой, кээ бир учурда жумалап өтпөй тура берип бузулуп калган тоок эти кайра "свежий" болуп сатыкка чыгат. Кантип? Түнү бою уксус аралашмасына чыланган эттин эски жыты ар түрдүү татымдар, сарымсактын жардамы менен өлтүрүлүп, гриль жасоочу аппаратка келип түшөт. Эгер тооктун чийки эти мөөнөтүнөн өтүп кеткен болсо аны формалин менен жууп, жапжаңы кыла коюшат. Формалин суюк аралашма. Анын курамы 40 % формальдегид, 8 % метил спиртинен (көздүн көрүүсүн начарлатууга шарт түзөт) жана 52 % суудан турат. Этти, тооктун денесин былжыратып ийбей көпкө чейин баштапкы калыбында сактап туруу касиети бар. Формалин организмге киргенде ичегидеги бүт микрофлораны өлтүрүп, боор, бөйрөккө олуттуу зыян келтирет. Формалиндин зыяны аныкталган соң Европа өлкөлөрүндө колдонууга тыюу салынган. Бирок, жогорудагыдай ыкмалар дагы деле тынымсыз колдонулуп келет. Тооктун эти формалин менен иштелген, иштелбегенин билүү үчүн аны жыттап көрүү жетиштүү. Ал болоор-болбос дары жыттанып турат. Өкүнүчтүүсү ал бышкандан кийин формалин эмес андан башкасына чыласаң да билинбей даамдуу болуп чыга келет.
Мунун баарына ишенгиңиз келбесе да грилдин бул зыяндарын эске ала жүрүңүз.
Эң жөнөкөй зыянынан баштасак, үч катар тизилип, кызара бышып жаткан грилди элестетиңиз. Сатып алып жатканда астыңкы (үстүнөн санаганда) катардагы грилди алган адам көп зыян тартат. Анткени эки катардан сарыгып аккан май үчүнчү катарга токтолот. Өтө майлуу тамак жоон ичегинин, ашказандын сезгенинишине алып келет. Ал эми грилдин сырткы кабыгын сыйрып жегенди сүйүүчүлөр бир чайнаганда эң көп зыяндуу нерсени жеген менен барабар. Грилди үзбөй жеген адам жоон ичеги, эмчек рагынын башталышына шарт түзөт дейт атайын иликтеген адистер. Негизи эле статистика боюнча тез тамымдардын арасында зыяндуулугу боюнча биринчи орунда гриль турарын да унутпаңыз.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4