Жазда витаминдерге муктаж болгон организмге кошумча заттар керек. Терибиз, өзгөчө, бетибиз буга аябай муктаж. Төмөнкү пайдалуу маскаларды оңой жана бат жасап, жүзүңүзгө кам көрсөңүз болот. Эскерте кетчү нерсе, ар бир масканы колдонгон соң бетти таза жууп, азыктандыруучу крем сүйкөө керек.
САБИЗ
Сабизден, негизинен, кургак терилүү айымдарга маска сунушталат. Сабиз терини жумшартып, витаминдер менен камсыз кылат. 2-3 сабизди сүргүчтөн өткөрүп, 1 жумуртканын сарысы менен аралаштырыңыз. Даяр болгон аралашманы жука кылып бетке сүртүп, 20-25 мүнөт өткөн соң нымдалган кебез менен аарчып салыш керек. Бул масканы жумасына 1-2 жолу жасаса болот.
ПОМИДОР
Кургак терини жумшак кылып, калыпка келтирүү үчүн сүргүчтөн өткөн помидор менен аз өлчөмдөгү крахмалды ботко болгуча аралаштырып, ага бир нече тамчы өсүмдүк майын (зайтун болсо жакшы) тамызып, кайра аралаштыруу зарыл. Даяр болгон масканы бетке сүртүп, 15-20 мүнөт кармаш керек.
БАНАН
Банан сүйүүчүлөр банан-сүт маскасын жасап көрүшсө болот. Ал үчүн 1-2 кесим бананды эзип, 1 чай кашык сүт менен аралаштыруу зарыл. Масканы бетке сүрткөндөн кийин 20 мүнөт кармап, жылуу суу менен жууп салуу кажет.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 25