АНДА...
Өткөөл курак - 13-14 жаштагы өспүрүм балдардын чоң жашоого өтүшү. Бул учурда балдар жана алардын ата-энелери туш келчү бир нече негизги маселелер бар...
1. Бала ачуулуу болуп, такай кыжырданып жүрөт
Өткөөл куракта балаңыздын организминде чөйрөгө болгон мамилесине таасир этүүчү гормондордун иштелип чыгышы жүрөт. Андыктан, бала болбогон нерсеге кыжырданып, сизге орой мамиле жасай баштайт. Мунун баары бара-бара жоголот, ошентсе да оройлукка жол бербегенге аракет кылыңыз. Болбосо ал балаңызда адат болуп өмүр бою кала бериши мүмкүн. Бирок, өзүңүз талашып-тартышууга жол бербеңиз, бул абалды андан бетер оорлотот.
2. Табитсиз кийинет, өтө эле көп боёнот, курбуларыныкында түнөп калат
Кандай кийиниш жана боёнуш керек экенин түшүндүрүү пайдасыз. Сабырдуу болуп, баарына көздү жуумп күтүү гана керек. Бара-бара ачык түстүү помадага жана кийимге болгон кызыгуусу тарайт. Ал эми курбусунукунда түнөп калуусу өтө деле чоң маселе эмес. Бул курактагы түнкү сүйлөшүү - кыздар үчүн чоң кубанычтардын бири. Бир гана талап - кызыңыз түнөгөн курбусунун телефонун сизге айтып койсун.
3. Убакытты шаштырат
Башкалардын өзүн олуттуу кабыл алышы үчүн өспүрүм бардык күчү менен аракет кылат. Өткөөл куракта кызыңызды же уулуңузду улуулардын чөйрөсү менен тааныштыра баштаңыз. Курбуларыңыз менен мончого, кафеге же дүкөнгө барганда кызыңызды да ээрчитип алыңыз. Уулуңузду атасына кошуп бериңиз. Чоңдордун сүйлөшүүсүнөн улам бала чоңдордун жашоосу эркиндик менен эле көз карандысыздыктан турбай, бул жерде чоң жоопкерчилик да жатканын сезсин.
4. Досторун алмаштырат
Кызыңыз же уулуңуз жакын досу менен урушуп кетип, эми үйгө күн сайын ар башка балдарды алып келе баштадыбы? Бул кадимки көрүнүш. Мындай жоругу үчүн балаңызды жемелебей, үйгө келген балага сылык мамиле жасаңыз.
5. Сүйүү тууралуу кыялданат
Балаңызга сүйүү тууралуу ойлонгонго али эрте деп эсептейсизби? Өзүңүздүн ошол кезиңизди эстеп көрүңүз. Сүйүү 30 же 40 жаштагы адамдын башынан кандай өтсө, 13-14 жаштагы баланын башынан деле ошондой эле өтөт. Андыктан, сиздин милдетиңиз - балаңызды сүйүүсүнөн ажыратуу эмес, болгону эрте келген сүйүүнүн кооптуу жактарын ачык, жеткиликтүү түшүндүрүү.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1