=================================
Бирде атасы менен баласы бара жатса, жол боюнда ат туягынан түшүп калган жешилген така жатыптыр. Атасы: Уулум, мобу таканы алып ал, кереги тийип калат, - дейт уулуна, таканы таягынын учу менен көрсөтүп. Уулунун эңкейгиси келбедиби, же жөн эле алгысы жокпу, айтор: эскирген така экен, ата, эмне кереги болмок эле, - деп өтө берди. Атасы унчукпай таканы алып, таар торбосуна салып жолун улады. Биринчи эле жолуккан айылда таканы темир устага берип, арзыбаган тыйын алды да, анысына бир ууч чие сатып алды. Аны бирден оозуна салып, уулуна көңүл бурбай кете берди. Бир аз баскандан кийин чиеден бирди жерге таштап койду эле баласы илгиртпей эңкейип ала калды да, үйлөп тазалап оозуна салды. Анан дагы бирди таштады. Баласы аны да алып жеди. Ошентип баласын бир канча жолу эңкейткенден кийин, ага бурула карап: Көрдүңбү балам, бир ирет эңкейгенге зериксең, он жолу эңкейгенге аргасыз болосуң, жүгүң оор болсо, жашооң жеңил болот, - деди маңдайынан сылап.
#11
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев