Билбейм эжей мен жазган эмесмин , десе эжейинин жини келип ,
Эй акмак деле сенин окуган күнүң болобу , карачы журналда бааларың бүт эки экен сен минтип жүрсөң адам болбойсуң , карап тур анан үйүңө барып ата энеңе айтпасам элеби деп , кечинде тиги баланын үйүнө келип , энесине жолугуп айтат экен.
Балаңыз деги үйдөн окуйбу , бүт баалары эки карасаңар боло жана окуудан Кыямат повестин ким жазды эле десем мен эмес дейт десе апасы наалып
Өлүңдүкөрөйүн атасын тартып бул деле бир келесоо болот ко , ай бери келчи деп баласын чакырып айтат экен.
Ай айт чыныңды сен жаздыңбы я азыр колуңду сындыраймбы жазссаң айтпайсыңбы десе эжейи таң калып
Ап кокуй кой эже мен кетейин деп үйдөн сыртка чыкса атасы туруптур , эжейи сүйүнүп кетип атасына айтса атасы жини келип
Атаңдын оозурайын канча айттым оку эй бала оку деп айтып эле жатам , тайларын тартып калса керек биздин тукумдар мындай жок эле жазганын соңуна албайт энеңдурайын десе эжейи баланын атасынан да түңүлүп көчөгө чыкса кошунасы туруптур аны менен учурашып ага да айтат экен
Деги бул үй бүлөө дени карды соо эмелерби баласынан Кыямат повестин ким жазган десем мен эмес дейт , ата энесине айтсам алар деле билбейт экен десе , кошунасы эки жакты карап эжейге шыбырап айтат экен .
Кыямат повестин ушулар эле жазды түндө свети таң атканча күйүп турду дейт экен .
#25
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 72