Колоңсо менен шыбоо эркектерге гана тиешелүү жытпы? Жок. Айымдар дагы жыттанып жүргөнүн байкоого болот. Чынында бул жытка башкаларга эмес, адамдын өзүнө да жагымсыз. Мындай жагымсыз жыт эмнеден пайда болорун, кантип арылуу керек экендигин айтып беребиз.
Адам кара жумуш жасап, кыймылдаган кезде, күн ысыкта тердейт. Ошондой эле ачууланганда, ойлонгон кезде, толкунданган кезде да тердеп чыгат. Мындан сырткары бөйрөк ооруганда да адам тердей берет. Себеби, бөйрөк организмдеги зыяндуу заттарды тазалоого үлгүрбөй калат да, тер бездери аларды тери аркылуу сыртка чыгара баштайт. Бирок, мындай жол менен бөлүнүп чыккан тердин курамы суу жана туз гана болгондуктан, анын эч кандай жагымсыз болбойт.
Жагымсыз жытты дененин башка бөлүктөрүнөн: колтук, алаа, таноо, тамандан чыккан тер жыттанат. Анткени, алар бактерияларды пайда кылат. Аны менен кошо жеген тамак-аштын, тарткан тамекинин жана спирттик ичимдиктин жыты да тер аркылуу чыгат.
Туура тамактаныңыз
Майлуу, куурулган тамактар, эт, балык, сарымсак, пияз, калемпир, алкаголдук ичимдиктер жыгымсыз жыттын күчөшүнө алып келет. Андыктан, эгер мындай сасык жыттын арылгыңыз келсе, анда күнүмдүк рационуңуздан алырды алып салып, мөмө-жемиштерге, жашылчаларга, көк чай, суу жана ширелерге басым жасасаңыз болот. Ошондой эле ачууланбаганга аракет кылыңыз.
Колоңсо кутулуу үчүн...
Тердеген маалда жуунуп туруу керек. Жок дегенде чайканып туруу зарыл. Бактерияларга каршы самын жана гель колдонуу менен тазаланыңыз. Колтуктун жүнүн кырып туруңуз, анткени ал бактериялардын көбөйүшүнө шарт түзөт. Синтетика кийим кийбей, жүндөн, пахтадан тигилген кийимдерди кийүү сунушталат. Тер болуп калган кийимди сөзсүз жууп кийүү керек. Кенен кийим кийип жүрсө да тердебейт.
Кандай дезодорант колдонууга болот
Жөнөкөй дезодорант бактерияларды өлтүрөт, бирок терди токтото албайт. Мунун курамында триклозан жана фарнезол аттуу бактерия өлтүрүүчү зат бар. Триклозан негизи эле организмге зыяндуу болуп саналат. Ал эми фарнезол пайдалуу, анткени жалаң эфир майларынан турат. Парфюмериялык дезодорант терди да, бактерияны да жөнгө сала албайт. Бирок, жыпар жыты менен колоңсону басып кете алат. Дезодорант-антиперспирант эң мыкты натыйжа берет: бир эле учурда терди кургатат, бактерияларды өлтүрөт жана жагымсыз жыттан арылтат.
Шыбоодон арылуунун жолдору
Булгаарыдан тигилген бут кийим кийүүгө аракет кылыңыз. Байпакты күн сайын алмаштырып туруу заыл жана ал синтетика болбош керек.
Дагы кошумча кеңештер
- - 6 кашык кургатылган ромашканы 2 литр сууга кайнатып, 1 саат тыныктырыңыз. Кайнатмага 2 кашык соода кошуп, андан соң колтукту сүртүңүз.
- - Конокко жана жолугушууга барганда жаныңызга лимон сала жүрүңүз. Колтукту алгач нымдуу жүз аарчы менен тазалап, андан соң лимондун бир кесими менен сүртсөңүз жаман жыттан бир нече саатка арыласыз
- - Кечке басып жүрүп бутуңуз жагымсыз жыттанып калса, сууга соода аралаштырып бутту 7-10 мүнөт сала турсаңыз, сасык жыт кетет.
- - Жалбыздын кайнатмасы менен бутуңузду бат-бат жууп турсаңыз шыбоодон кутуласыз.
- - Бир стакан кайнак сууга 1 чай кашык туз салып бутуңузду жууйсуз.
- - Таманды лимондун ширеси менен бат-баттан сүртүп турсаңыз жаман жыт тез кетет
#11


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5