❤ЛАЙК БАСЫҢЫЗ🤗
БИСМИЛЛЯХ.
1. Эң биринчи руханий дүйнөңүздү өстүрүңүз рухуңуз жаратуучусу менен көрүшүүгө суусап , соолуп турат.
2. Өткөн жашооңузда катачылыкты, капачылыкты, кылган күнөөңүздү түшүнүп, андан сабак алып өтмүш эшигин жабыңыз.
3. Ата- энеңизди кечириңиз. Аларга таарыныч болсо аны кам көрүүгө, ыраазы болууга алмаштырыңыз. Ишениңиз ата-энеңиз өз түшүнүк, акылы, шартына жараша сизге эң жакшыларын бергени аракет кылды.
4. Өзүңүздү жана айланаңыздагыларды күнөөлөп же өкүнбөй , мамлекет жана башка сырткы көрүнүштү жашооңузга күнөөлөбөңүз. Жашооңуз ички дүйнөңүзгө жараша. Шүгүр айтканды көбөйтүңүз. Жок нерсени эмес барды көп ойлоңуз.
5. Кайын журтуңуз кандай болсо ошондой кабыл алыңыз. Аларды сыртыңыздан күлүп ичиңизден жаман көрбөй, айрыкча ичиңизден сүйүңүз, кабыл алыңыз, жан дүйнөңүз менен сыйлаңыз. Куйөөңүз алар менен чоңойгон.
6. Күйөөңүздү кечириңиз, анын катачылыктарын кечириңиз. Улам эле анын мурунку катачылыгын эске сала бербеңиз. Күйөөңүздү сыйлаңыз. Эркеке сүйүүдөн да аялынын сыйлоосу эң биринчи орунда. Ага кам көрүп , кызматын кылыңыз атаандашпай байпагын жуүңуз, бутун жууңуз , уктаса үстүн жабыңыз. Ал сиздин ааламыңыздын Султаны болсун.
7. Мүнөздү оңдоңуз, "кандай болсом ошондой болом" деп өнүкпөй калып кетпеңиз. Адам төрөлгөндө кандай болсо ошондой эле бирок ал калып кетпей өнүгөт, басат , сүйлөйт, тамга тааныйт, окуйт. Адамдар менен мамилени үйрөнөт. Андыктан аялдык сыпатыңызды өстүрүңүз.
8. Ар күнү дуа кылып, жүрөгүңүздү тазартуусун, ойлоруңузду оңдоосун Аллахтан сураңыз. Ар күнү чын ниеттен дуа кылыңыз. Жүрөк таза болсо жашооңуз оңолот. Байлык да болот, ден соолук да болот. Ар күнү динибиз тууралуу Куран аяты, хадистер тууралуу жакындарыңыз менен баарлашыңыз. Билгенди бөлүшүңүз. Бул постту да башкаларга айтып бериңиз.
Унутпаңыз жашооңуз өзүңүздүн колуңузда, кантип?
Тагдырга жазылган нерсе өзгөрбөйт бирок андагы сыноону жеңилдетүү, ырыскыны көбөйтүү колуңузда.
#4
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 13