Эч качан кадыр-баркыңды түшүрбө! Кандай абалда болсоң да, башыңды бийик көтөр, такыр ылдый кылба, балким ылдый кылган башыңды кайрадан бийик кылуу үчүн мүмкүнчүлүк таппай каласың.
Эки бутуң менен турган кезиңде бул дүйнөнүн кичинекей эле жерин ээлесең, өз принциптериңе бекем турган кезиңде ааламдын бүт баарын ээлегенге мүмкүн болот.
Сен билген нерселердин бардыгы эле жүрөгүңө кубаныч тартуулай бербейт, ошондуктан кээ бир нерселерди билгениңе караганда билбегениң абзел.
Бир нерсени өтө катуу жакшы көрбө, эгер андай кылсаң, көчөт тигип, суу коюп, астын жумшартып жүрүп, бирок, көчөтүн өстүрө албай койгон дыйканга окшоп каласың.
Деңиздин суусу кеменин тешигинен жылжып кирмейинче аны чөктүрүп жибере албайт. Ийгиликсиздик да ошого окшош, жолум болбой жатат, бул менин колумдан келбейт деген сыяктуу начар ойлордон арылмайынча ийгиликке жетпей жүрө бересиң.
Автор: Абдишүкүр Нарматов
#7
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10