(Гемоглобиндин граммы 1 литр канга карата)
Эркектерде – 130-160 г/л
Аялдарда – 120-150 г/л
– Анемия же аз кандуулук – учурда эң көп таралган оору. Аны көпчүлүк этибарга алышпайт. «Жүзү кубарып, бат чарчаса эмне болуптур? Жакшылап эс алып, уктаса, анан алма менен гречканы көбүрөөк жесе эле болду» деп ойлошот. Чынында, мындай эмес. Эмесе, сөз башынан болсун.
«Анемия» – байыркы гректердин сөзү, бизче «аз кандуулук» дегенди билдирет. Кандын курамында эритроцит (кызыл кан денечелери) бар. Эритроцит өзүндөгү гемоглобин белогу болуп кычкылтекти адамдын бүт организмине ташыйт. Кандайдыр бир себептер менен канда гемоглобин азайса, анемия келип чыгат.
«БАШКЫ БЕЛГИСИ – ТЕРИ КУБАРАТ»
– Гемоглобин азайганда организмге кычкылтек жетишпей баштайт. Андыктан бул ооруда адамдын териси (анын ичинде жүзү) кубарат, кургайт, түлөйт. Башы ооруп, аба жетишпей демигет, алсырайт, бат чарчайт, башы айланат. Буту-колу чымырайт жана муздайт. Тырмактары бат сынма болуп, чачы түшөт. Ойлоо, бир нерсени эске тутуу кыйындайт. Кээде эстен тануу да күтүлүшү мүмкүн. Адам кээ бир нерселерди, мисалы, топуракты, борду жегиси келет. Ал тургай мурун өзүнө жакпаган жыттарды (ацетон, бензин, лактын жыттарын) самай баштайт.
«ЭҢ КӨП КЕЗДЕШКЕНИ – ТЕМИР ЖЕТИШСИЗДИГИ АНЕМИЯСЫ»
– Анемия негизинен 4 түргө бөлүнөт: Темирдин, B12 витамининин, фолий кычкылынын жетишсиздигинен келип чыккан анемиялар жана тубаса түрү. Булардын ичинен эң көп тараганы – темир жетишсиздигинен пайда болгон анемия.
Адамдын организминде 3-4 грамм темир болот. Булардын 70 пайызга жакыны гемоглобинде, калгандары көк боор, боор жана сөөк чучугунда кармалат.
1 суткада адам темирдин 1-2 граммын жоготуп турат (тер, заара менен чыгат, чачтын жана тырмактын өсүшүнө кетет). Туура тамактанганда биз тамак-аш аркылуу 1 суткада 1-2 грамм темир алып, жоголгон темирдин ордун толуктай алабыз. Бирок бул баланс дайыма сакталбайт, анын үстүнө кырсык же оорулардын айынан да темирди көбүрөөк жоготушубуз мүмкүн.
Тагыраак айтканда, темир жетишсиздиги анемиясын төмөнкүлөр шарттайт:
• Туура эмес тамактануу
Фастфуддарды жеп, газдалган таттуу суусундуктарды ичүү адаты. Ошондой эле жашоо-тиричилиги начар болуп, нан, чай менен гана тамактануу. Курамында темири эң көп азыктардын бири бул – эт. Бирок муну көп жеген адамдар деле анемияга чалдыгат.
• Кан жоготуу
Муну төмөнкүлөр шарттайт: Ашказандагы жана ичегилердеги жаранын канашы, органдардын биринде рактын болушу, геморройдо жана миомада кан кетүү, көп ирет төрөө жана аборт, этек кирдин көп келиши, сөөк чучугунун оорусу (жаңы кан сөөк чучугунда жаралат, андыктан сөөк чучугу ооруга кабылса анемия келип чыгат), операция жасатуу жана башкалар.
• Темирди керектөөнүн өсүшү
Буга боюнда болуу, бала эмизүү, бойдун өсүшү кирет.
«ДАРЫЛАНБОО ӨЛҮМГӨ ЖЕТКИРЕТ»
– Анемиянын белгилери билинер замат гематологго (же терапевтке) көрүнүп, диагнозду тактатуу кажет. Учурунда дарыланбаса иммунитет төмөндөйт, буту-колдун булчуңдары ооруп, акырындап кичирейе баштайт. Жыт жана даам билүү менен кошо эске тутуу, ойлоо жөндөмдүүлүгү төмөндөйт.
#7
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10