Иш-чаранын жүрүшүндө чыгаан тилчи адистердин кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошуп жаткан бараандуу салымы баса белгиленип, компания тарабынан даярдалган белектер − MegaCom компаниясынын фирмалык топтому, Константин Юдахиндин кыргызча-орусча жана орусча-кыргызча 2 томдугу тапшырылды. Айтмакчы, бул баалуу сөздүктөрдү кайрадан басып чыгаруу мобилдик оператордун колдоосу менен ишке ашырылган.
⠀
Кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымы үчүн мобилдик оператордун кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды. Компаниянын котормочусу Молдогазиева Сүйүн “Кыргыз тили” төш белгиси жана кыргыз тилиндеги жарнамалар, тексттер менен иш алып барган Иптаров Адил Ардак грамота менен сыйланышты.
⠀
Ата Мекендик мобилдик оператор улуттук баалуулуктарыбызды көздүн карегиндей сактоого, тилибизди, маданиятыбызды өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип, бул багыттагы долбоорлорду иш жүзүнө ашырууга байма-бай колдоо көрсөтүп келет.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев