══════ ❁✿❁ ══════
1️⃣ Хунайд ибн Халиддин аялынын сөздөрүнөн Пайгамбардын ﷺ кээ бир аялдары:
“Аллахтын Элчиси ﷺ Ашура күнүндө, зуль-хижжа айынын алгачкы тогуз күнүндө, ар айда үч күн, жана дүйшөмбү менен бейшемби күндөрү орозо тутат эле" , — деп баяндаганы кабарланат.
📚 (Абу Дауд 2437, ан-Насаи 2372, 2417, Ахмад 6/288, ал-Байхаки 285)
📌 Хадисте сөз тогуз күн тууралуу болушунун себеби онунчу зуль-хижа – бул орозо тутууга тыюу салынган Қурман Айт күнү болгонунда.
2️⃣ Пайгамбардын ﷺ аялы Хафса айтат:
”Пайгамбар ﷺ төрт нерсени таштачу эмес: Ашура орозосун, зул-хижжанын он күнүндөгү орозону, ай сайын үч күн орозону жана таң намазынан алдыңкы эки рекетти”.
📚 (Ахмад 6/287) ас-Суюти, Сыддык Хасан Хан жана шейх ал-Албани хадисти сахих дешти.
3️⃣ Абу Дауд менен Ибн Мажах бул хадисти өз китептеринде келтиришип, ал бапты (главаны) «Зул-хижжанын он күнүндө орозо тутуу тууралуу» деп аташкан.
📚 (Кз.: “Сунан Абу Дауд” 2/815, “Сунан Ибн Мажах” 1/550)
4️⃣ Имам аш-Шаукани: “Бул хадисте зул-хижжа айынын он күнүндө орозо тутуунун сооптуу иш (мустахаб) экенине ишарат бар” – деп айткан.
📚 (Кз.: “Найлюл-аутар” 2/284)
5️⃣ Хафиз Ибн Хажар: «Аллах үчүн зул-хижжа айынын он күнүндө орундалган солих амалдардан сүйкүмдүүрөөк амалдар жок!» деген хадис тууралуу мындай деген: “Орозо солих амалдарга кирген себептүү, бул хадис зул-хижжанын он күнүндө орозо тутуунун сооптуу иш экенине далил ирээтинде колдонулуп келет”.
📚 (Кз.: “Фатхул-Бари” 2/534)
6️⃣ Чоң аалым Шейх Солих аль-Фаузан айтты:
«Зуль-Хижжанын тогуз күнүндө орозо тутуу – мустахаб, сооптуу амал. Бирок ким ажылык кылып жатса, ал Зуль-Хижжанын 9-числосунда орозо тутпайт, себеби Арафат тоосунда турууга күч топтоосу кажет.»
🌐 http://www.alfawzan.af.org.sa/node/13540 7️⃣ Фетва берүү боюнча Туруктуу Комитет № 20247 фатвасында айтты:
«Кээ бир адамдар «Зуль-хижжанын тогуз күнүн орозо менен өткөзүү ката (б.а. бул сүннөттө жок иш)» дешет. Жок, андай эмес. Тескерисинче, көпчүлүк аалымдардын (жумхур) пикиринде – бул (Зуль-Хижжанын алгачкы тогуз күнүндө орозо тутуу) сүннөт болуп эсептелет.»
🌐 http://www.alifta.net/fatawa/fatawaDetails.aspx?View=Page&PageID=13859&PageNo=1&BookID=3 ══════ ❁✿❁ ══════
© ИсламЖолу
➖➖➖➖➖➖➖
Инстаграм: @aalymdar
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1