Бир тууганым, сен намазыңды таштап кетипсиң. Туурасын айтканда, намаз сени таштап кеткен экен... Бул өтө өкүнүчтүү. Анткени, сен намазга жыгылган кезде башкалар сага карап үлгү алган эле... Динден алыс жүргөн тааныштарыңдын сени исламдын бир бөлүгү деп карашчу. Ким билет, кээ бири сенден башка намаз окуган эч кимди көрбөгөн, тааныбаган да чыгар. Андай кишилер үчүн "Ислам" - деген мына сен элең, бир тууганым?! Ал эми намазыңдан айрылган кездечи? Ошол саат кимдир бирөөнүн: "Э-ээ, бул да бир убактылуу нерсе экен?!"- дебөөсүнө ким кепилдик берет?!
Жума намазына барган кезде намазга жыйналган көптөгөн адамды көрөбүз. Бирок, бул намаз окуган бир туугандарыбыз көп деген сөз эмес. Себеби, дал ошол саатта базарда, кафе-ресторандарда, казинолордо жүргөн, үйлөрүндө уктап жаткан, мечиттин алдынан беймалал өтүп бара жаткан адамдардын саны алардан өтө көп. Демек, күнүнө беш убакыт маңдайын саждага тийгизип жүргөн мусулмандар өтө аз деген сөз. Ошол аздын бирөөсү сен элең, бир тууганым…
Сени: "Эмне себептүү намаздан айрылып калды экен?!"- деп ойлонуп олтурам. Мүмкүн намазды түшүнбөй окуган чыгарсың, тээ башынан.
Досторуңа, агаларыңа илешип, намазга маани бербей, жоопкерчилигин билбей жыгылсаң керек. Мүмкүн али да сезип, билбей жүргөн чыгарсың. Эгер, намазды окубай кеткениңе эч өкүнбөсөң: "Намаз окубай жүргөн бир тууганыма кат" - макаласын окуп көр. А эгер намазыңдан кандайдыр бир себептер менен айрылып калып, аныңа өкүнүп, кыжалат болсоң, кулчулугуңа кайрадан кайта албай жүргөн болсоң, үчүнчү бөлүмдөн баштап оку. "Ыйманды сактоо жана күчөтүү жолдору"- аттуу китепте адам ыйманын күчөткүсү келсе, өзгөлөрдөн көмөк күткөнү тууралуу айтылат. Бирок, аныгында ал адамга өзүнөн башка эч ким көмөктөшө албайт" - дейт.
Ырасында да, бир тууганым, өмүрүң үчүн, акыретиң үчүн башка эмес, мына сенин өзүң жооптуусуң! Чыныңды айтчы?! Дал азыр даарат алып, эки рекет намаз окууңа эмне тоскоол болуп жатат? Эч кимди алдабай, өз-өзүңө да жалган айтпай жооп берчи?! Эмне тоскоол болуп жатат?
Намазды кайра баштоого ушунчалык ниеттенген адамга тоскоол болчу бирден-бир себеп: "Эл эмне дейт?" - деген ой болору белгилүү. Элден, журттан уялат. "Убагында таштап кетип, эми эмнесине жетишип, намазын кайра окуп жатат!" - деп айта тургандай көрүнөт. Бир тууганым, эгер сен да ушундай ойлой турган болсоң, бул ойду унут! Анткени, сен намазды эл үчүн эмес, Алла Таала үчүн окуйсуң. Алланын буйругу болгондуктан окуйсуң. "Намаз сага эмне үчүн керек?" - деп айткан адам, эртең "Махшар майданында" сен үчүн ортого түшө албайт. Ал кезде, бир тууганым, а түгүл сенин жан атаң менен асыл апаң да дармансыз болот. Кечээги окулбаган намазың үчүн, мурунку күнү каза болгон намазың үчүн, андан мурдагы күндөгү калып кеткен намаздарың үчүн өзүң жооп бересиң! Ырас, өткөн убакыт өттү! Ал намаздарыңды эми толуктай албайсың!
Бирок, дал азыр ушул катты окуп олтурган убакыттагы намазды окуй аласың!
Карачы, саат канча болуптур? Кайсыл намаздын убактысы? Мурун окудуң, сөздөрүн да, тартибин да билесиң. Билбесең, кайталап ал, билгендерден сурап ал. Эч кимдин сөзүнө да, кекете караган көздөрүнө да назар салба. Анткени, тууганым, бул сенин намазың, бул сенин өмүрүң, бул сенин акыретиңе жасап жаткан даярдыгың...
Бир тууганыбыз: "Намазымды таштап кеттим, кайра баштай албай жүрөм. Өзүмдү түшүнбөй калдым, ушул бойдон кете берсе, өзүмө-өзүм кол саламынбы деп корком..!" - деп кат жазыптыр. Жогоруда айтканыбыздай, эл-журттун ушагынан корккон адамдын сөзү сыяктуу. "Өзүмө-өзүм кол саламын" - дегенине караганда, өзүнүн намазын таштаганына канчалык өкүнгөнүн далилдегиси келгендиктен айтылган сөз болсо керек. Антпесе, өзүнө-өзү кол салуу эң оор күнөөлөрдүн бири экенин билет чыгар.
Мындай сөздү айтканы үчүн Алла Таала Өзү кечирсин...
Ушул катты жазган тууганыбызга башка бир тууганыбыз: "Жакшысы мечитке барып, имамдардан сура…!" - деп кеңеш бериптир. Өтө жакшы сөз. Себеби, мечит баяндарынан кол үзбөгөн адам ыйманды аярлап-күчөтүүнүн жолдорун кеңири билип, уга алат. Алланын жалгыздыгы, күнөөнүн түрлөрү, кулчулуктун сырлары, ыймандын маанилүүлүгү...
Мунун баары мечиттерде айтылып турат Аллага шүгүр.
Бир тууганым, сага деп жазган катымдын соңуна да жакындап калыпмын.
Сөз соңунда айтайын дегеним, баары Алланын колунда. Биз мусулман болсок, Алланын ырайымы менен мусулман болдук. Намаздарыбыздын толук болуусу да Алланын ырайымы. Ошондуктан, баарынан мурун Алладан: "Ыйманыбыздан ажырата көрбө, күнөөлөрдөн коргой көр, эки жүздүүлүктөн сактай көр, намазыбыздан алыстата көрбө, бизди ыймансыз өтүүдөн сакта!" - деп жалбарып дуба кылуубуз керек.
Алла Таала колдоп, кайра намазга жыгылып жатсаң, кайра башка намазыңдан айрылбачы... Ниетиң кабыл болсун, бир тууганым..!
Чыныгы намазда бардык жалган дүнүйөлүк нерселер унутулат, бир гана пенде менен Алла калат. Пенде Алланын сырдуу ааламынын түпкүрүн көздөй жол алат. Анткени, намаз Мираждагы жолугуудан кийин эле азирети Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Жебирейил периште аркылуу эмес, түздөн-түз парз кылынган.
Намаздарын дайыма ошол Мираждагы «кааба каусаин» абалында окуган Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Намаз – көзүмдүн кареги» (Насаи, Ахмад бин Ханбал) – деген.
Намаз аркылуу ээ болунган баалуу сапаттарга, бейкуттукка, руханий жыргал сезимге жана Аллага жакындыкка башка эч бир ибадат аркылуу жетүү мүмкүн эмес. Дүйнөдө намаздын даражасы акыретте Алла Тааланы көрүү даражасы сыяктуу. Анткени, дүйнөдө пенделердин Аллага эң жакын болгон учуру – намаз окуу учурлары. Эң жыргалдуу лаззаттар намазда. Бүткүл ибадаттар пендени намазга даярдоо үчүн тепкич сыяктуу деп айтса болот. Бул себептен улам азирети Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) намаз тууралуу мындай деген: «Намаз диндин түркүгү; ыйман менен жүрөктүн нуру; бакыт таалайдын ачкычы; момундардын миражы.»....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5