===============================
1. ӨЗ НАФСИҢ МЕНЕН ЭСЕПТЕШИП ТУР
Аллах таала айтты: «Эй, ыйман келтиргендер! Аллахтан корккула! Ар бир адам эртеңкиге эмне даярдагандыгын карасын! Жана Аллахтан корккула! Чындыгында Аллах силердин эмне кылып жатканыңардан кабардар». (Хашр сүрөөсү, 18-аят)
Адам баласы бул дүйнөдө ибадат кылып, Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн жаман иштерди каалаган нафсисин тарбиялоосу зарыл.
2. ИШ-АРАКЕТТЕР ДҮЙШӨМБҮ ЖАНА БЕЙШЕМБИ КҮНҮДӨРҮ ОРОЗО КАРМАП НАФСИҢДИ ТАРБИЯЛА
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылат. Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: *«Иш-аракеттер дүйшөмбү жана бейшемби күнү (Аллахка) көтөрүлөт. Мен орозо абалымда иш-аракеттеримдин көтөрүлүүсүн жакшы көрөм».* (Тирмизи, 747)
3. НАФСИНИ ТАХАЖУД НАМАЗЫНА КӨНДҮРҮҮ
Аиша, радыяллаху анху, риваят кылат. Чындыгында пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, түндөсү көп намаз окугандыктан буттары шишип кетет эле. Күндөрдүн биринде Аиша, радыяллаху анха: «Оо, Аллахтын элчиси! Аллах таала сиздин өткөн жана келерки күнөөлөрүңүздү кечирген эле го, эмне үчүн мындай кыласыз?» – деп айтканда: «Мен да Аллахтын көп шүгүр кылган пенделеринен болууну кааласам болбойбу?» – деп айтты.
Качан гана буттарын шишиги көбөйгөндө олтуруп окуп, рүкү кылгысы келгенде туруп Куран окуп андан кийин рүкү кылат эле. (Бухари, 4837)
4. ЭРТЕҢ МЕНЕНКИ ЖАНА КЕЧКИ ЗИКИРЛЕРДИ АЙТУУГА НАФСИНИ КӨНДҮРҮҮ
Шаддад ибну Аус, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте, пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: *«Истигфарлардын эң улугу бул: Аллахумма Анта Робби лаа илааха илла Анта, холактани уа ана ъабдука уа ана ъалаа аъхдика уа уаъдика мас-татоъту, аъузу бика мин шарри маа санаъту, абуу-у лака биниъматика ъалаййа, уа абуу-у бизанбии, фагфирлии, фа иннаху лаа ягфируз зунууба илла Анта».
Мааниси: Оо Аллах! Сен менин Раббимсиң. Сенден башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Мени жараттың, мен Сенин кулуңмун. Мен Сенин милдеттериңди, Сага берген убадаларымды алым жетишинче аткарамын. Кылган нерселеримдин жамандыгынан Сенден коргоо сураймын. Мага берген нээматтарыңды мойнума аламын. Күнөөлөрүмдү да мойнума аламын, мени кечир! Сенден башка күнөөлөрдү эч ким кечирбейт» – дегенден кийин мындай деди: «Ким ушуну күндүзү толук ишенген абалда айтып, ошол күнү жан бере турган болсо, анда ал бейиш ээлеринен болот. Түндөсү толук ишенген абалда айтып, ошол түнү жан бере турган болсо, анда ал бейиш ээлеринен болот». (Бухари, 5831)
5. ЖҮРӨКТҮ ТАЗАЛОО
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылат. Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Албетте Аллах силердин келбетиңерге жана байлыгыңарга карабайт. Бирок силердин жүрөгүңөргө жана амалыңарга карайт». (Муслим, 2564)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2