Мен ал убакта жогорку окуу жайлардын биринде окуучумун. Кундо эрте менен шаша-буша кийинип окууга жономой,кечке парада олтурмай. Окуудан чыгып курбуларым менен бир аз сейил бакта сейилдеп,анан кайра жатаканага кайтмай. Ушул кайталанма кун кундо. Мен аябай кыялкеч,бир аз корс,конулу бош элем. Бир-эки ооз катуу созго козумдон мончок-мончок жаштар куюлуп баштачу. Менин бул сапатымды элдин баары билчу. Ошого эч ким мени капа кылгысы келчу эмес. Мен да бул нерсеге конуп калгам.
Жашоом бир тегиздикте отуп жатты. Мен ыраазы элем бул нерсеге. Мен озумо конул деле болчу эмесмин,окууну ойлоп. Жасаныш,боёнуш,модага карап кийинуу менде жокко эсе эле. Кобунчо спортивный кийимдерди,ананда шым кийип журчумун дайыма. Курбу кыздарым тиги мындай деди,тигиниси киного чакырды десе: эээ койгулачы жигиттерди-деп жиним суйчу эмес. Андайда кыздар сен муз, жок таш журоксун,сенде эч кандай сезим жок деп шылдындашчу. Мен ызама чыдабай дагы ыйлап баштачумун. Кыздар болсо соорото албай убара. Кээде мени атайы ыйлатышчу. Мындайда мен жек корчу элем баарын. Жаздыкка башымды коюп туну мн ыйлап чыкчуумун да,эртеси козумду ишитип алып окууга бара берчумун. Ошондой кундордун биринде мага мен такыр кутпогон,энсебеген ананда кутулбогон жерде,кутулбогон махабат кирип келди да, мени,менин жашоомду 180градуска буруп жиберди.
Ал убакта кеч куз эле... Окуу жайдын спорттук аянтчасынан отуп бара жаткам,четте балдар футбол ойноп жатышыптыр. Аларга маани деле берген эмесмин,бир колумда китеп,бир колумда суусундук. Ушунчалык китепке берилгендиктен: этият бол,кач ары-деген создор мага айтылып жатканын деле элес албаптырмын. Бир убакта башыма келип тийген катуу соккудан жыгылып туштум,башым тегеренип,мурдумдан кан агып жатты. Ордумдан турайын дейм бирок алсызмын. Ары жакта болсо,кылган иштерине кечирим да сурабастан каткырып кулуп жатышты балдар. Анан алардын арасынан,бою узун,кен далылуу,сымбаттуу да,жылдыздуу да бир жигит келип,мага колун сунду. Ал мени акырын тургузуп,кечирим сурап,оз жуз арчысын мага сунду... Мен ун дебестен карап тура бердим. Ал мени жылмайып бир карады да,жуз аарчы менен менин жузумду арчый баштады. Ээх ошол убак... Журогум тарс жарылчудай туйлап,демейдегиден 4 эсе катуу сого баштады. Мындай сезим мектеп учурунан бери келе элек болчу. Жашка толгон коздорум менен аны карадым ал да мени карап туруптур. Экообуз бир саамга тиктешип туруп калдык. Бул коздор,эриндер,жылмаю анын жылуулугу мени озуно арбап турду. Биз карашып тура бердик унчукпастан,а коздор суйлошо берди. Бир топтон кийин гана мен ээсимди жыйдым да,ордумдан дароо турдум ,рахматымды айтпастан,тез-тез басып кеткенге шаштым. Ал болсо тан калып эмне дээрин билбей кала берди... Катуу тийген соккудан бетим ишип,когоруп,туну мн тынчтык бербей оорутуп чыкты. Эртеси болсо такыр козумду ача албай калыптырмын. Жиним келип жанагы балдардын баарын каргап-шилеп суйлонуп жаттым. Ошентип 10 кун дегенде арандан айыкты менин шишигим. Окууданда калып кеттим. Эми баары жакшы,тынч окуйм деп ойлоп журсом,менде жаны суйуу оорусу пайда болду капыстан. Жатаканада китептеримди жыйнап жатып жанагы жылдыздуу жигиттин жуз аарчысын таап аалдым. Аны дароо жуудум да,кургатып коюп койдум коргондо берип коём деп. Бирок аны такыр коро албадым. Издейм,негедир сагынам бирок жолукпайм.
Кыш... Айлана аппак кар... Бул кооздукка суктанып,сейил бакта жалгыз айланып жургом. Оюм дале болсо ошол бей тааныш жигитте. Ойго чомулуп бара жатсам бироо далыма кар атты,карасам жанагы бей тааныш жигит... Мени карап жылмайып турат. Менин коздорумо жаш толуп ыйлай баштадым. Ал акырын басып келди да менин коз жашымды арчый баштады. Биз дагы тиктеше туштук. Анан акырын менин коздорумдон обту да: ыйлабачы суранам,кыз баланын ыйлаганын корсом журогум сыгылат-деп жылмайып койду...
Мына ошодон кийин биз тез-тез жолуга турган болдук. Корсо ал 4 курстун студенти экен. Бизден бир курс жогоруу. Мен аны издеп жургондо,ал мени коп жолу коргон экен. Бирок келип соз айта албаптыр. Тан калдым озумо ошончо издеп корбогонумо....
Мен эмнегедир озгоро баштадым. Бир аз жасана,боёнуп да калдым. Досторум болсо буга тан? Акыры аларга баарын токпой-чачпай айтып бердим.
Анын мунозу оор,токтоо,бирок тамашакой эле. Ушусон жылытып,ыйласан сооротуп,ач болсон тойгозуп турчу. Мен аны катуу суйуп калдым. Жанынан бир мунот да чыккым келбейт. Бир куну жаны жыл кечеси болуп мен да бармай болдум ага. Адатта такыр барчу эмес элем,бирок жанагы бей тааныш жигит: кутом созсуз келгин- деген созун эстеп барууну чечтим. ...
Устумдо аппак узун койнок,чачым жайылып бигудиге салынган. Ал макияжды досторум кылып берген. Бутумда болсо бийик така. Жыгыла жаздап арандан эле кийип жургом. Курбуларым менен кирип бардык кечеге. Баары тан калып мени карашат. Менин болсо издегеним ошол .... Ичимдик,туркун тустуу тамактар,шапанский,оюн-кулку,музыка баары жайында,бир гана ал жок. Мени чакырып коюп озунун келбегени эмнеси деп жиндене баштадым. Баары эки-экиден бир гана мен жалгыз. Дагы козумо жаш толуп буулуга баштадым. Анан капыстан бироо акырын келип артымдан кучактады билдим менин бей тааныш жигитим экенин. Дагы ыйлап жатасынбы? койчу эми ушундай кундо да,кечир кеч калдым- деп кыпкызыл роза гулдорду берип жузумдон суйуп койду. Анан экообуз женил бийге тушуп жаттык. Ал мага: жур айланып келебиз таза абага-деп сунуш киргизди. Экообуз эшикте жылдыздарды карап суйлошуп олтурдук. Анан менин колумдан кармап: мен бир кызга жолуктум жана аны жактырып калдым. Ал башкаларга окшоп жасанып,боёнуп журбогондугу учун эмес. Мен анын озун,жан дуйносун,молтулдогон коздорун,жароокер мунозун жактырдым. Мен андан эч кимден таппаган жылуулукту таптым жана суйдум. Умут кылам,ал кызда мени мн бирге болот-деп мага карады. Мен бул убакта ааламга жар салып бакыргым келип турду: мен суйуумо жеттим,мен суйуумду таптым деп кыйкыргым келип турду. Дагы эле ошол адатым,ыйлап жаттым. Ал менин жузумдон сылап,жаштарымды акырын арчып,суроолу тигилди мага. Мен: сенин ушул созунду эле кутуп жургом. Мен сени ошол биринчи жолуккан кундон баштап эле суйом-дедим акыры. Женилдей туштум аябай эле. Ал мени озунун жылуу кучагына алды... Анан экообуз биринчи жолу ошол туну обуштук.... Менден откон бактылуу адам жок эле.
Ошодон кийин мен ыйлаганды токтоттум,боёнуп,жасанып,мода кууп кийине баштадым. Озумду ушунча озгором деп такыр ойлогон эмес элем. Жигитим болсо ар дайым жанымда,бардык нерседен мени коргоп турат. Мен аны чексиз суйом... Ал экен демек,мен да бармын.
Биз дагы бир жылдан кийин уй-було курууну чечтик,кандай гана бакыт..
Кудайга ыраазымын ошол топту менин башыма тийгизгенине,топ болбосо биз да жолукпайт элек. ...
Тагдыр бизди озу жолуктурду,биз издебедик бири-бирибизди. Мен ишенем, чын суйууну издебеш керек. Ал бир куну озу сага кутулбогон жерден жолугат,мен буга толук ишенем... Урматтуу окурмандар. Автор: М Абдиева.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9