- паланча жерге канча күндө жетип бара аласың?"
Ташбака жооп берүүгө шашылбай, аралыкты, жолдогу ылдый, бийиктиктерди, таш, топуракты, аба ырайын чамалап көрүптүр-да:
- Өзү үч күндүк жол экен, мейли, чоң сүйлөбөйүн, мен көбү менен алты күндө барсам керек, - дептир.
Макулдашышыптыр. Ташбака жолго түшүптүр...
Арадан алты күн өтсө деле, белгиленген даректе ташбакадан дайын жок имиш. Аны издеп, жолдун ортосунан табышыптыр.
- Ие, сен бардык шарт мүмкүнчүлүктөрдү алдын ала көрүп билип, чамалап алган элең го! Өзү үч күндүк жол экен, мен алты күндө басып өтөм деген элең. Алты күндүн ичинде жарымына араң жетипсиң! Ушунчалык алсызсыңбы?! – деп жемелешиптир жаныбарды.
Ташбака капалуу башын чайкап:
"Мени күнөөлөбөгүлө!" Мен арадагы аралыкты, жолдун өйдө-ылдый болгон жерлерин, жадагалса таштак жерлерди, аба ырайын эске алыпмын-го, бирок бул жолдон өтө турган иттерди, акмактарды, келесоолорду, заалымдарды эсепке албаптырмын. Эми алдыга жылайын дегенимде эле, алдымдан ит, же бир заалым, же бир акмак чыгып, мени тескери оодарып, бутумду асмандан кылып коюшту. Качан өзүмдү оңдоп, дагы жолго түшүп алгыча бир топ убакыт жана күч-кубатымды жоготтум... Көздөгөн жерге чейинки аралыкты болжолдоп жатканда, жолдон чыгышы мүмкүн болгон акмак, акылсыз, макулуктарды да эсепке алуу шарт экен, - дептир.
...Биз бул ташбаканы өтө жакшы түшүнөбүз. Туурабы туугандар?!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 13