Мындай чечимди соттук коллегия 27-апрелде кабыл алганы 11-майда белгилүү болду.
Жогорку сот кабарлагандай, кылмыш ишинин материалдары толук изилденбегендигине, процесстик мыйзам бузууларга байланыштуу иш Жалал-Абад шаардык сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.
Прокуратуранын бул боюнча кассациялык арызы канааттандырылды. Ал эми Каныбек Бакиевди толугу менен актоо боюнча адвокатынын кассациялык даттануусу четке кагылды.
Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Каныбек Бакиев «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен айыпталып Жалал-Абад шаардык сотунун 2020-жылдын 25-мартындагы өкүмү менен алты жылга кесилген.
Жалал-Абад облустук соту 2020-жылдын 10-декабрында шаардык соттун өкүмүн өзгөртүп, ага 4 млн. сом айып салган.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10
алты жыл кожодой колдоп келдиңер.Олкобузду сазга тыгып койушту.Мага жаман сөз жазбай эле кой.Ар ким өз деңгээлинде түшүнөт.