Жашым 20да, үйдөгүлөр “турмушка беребиз” деп атышат. Бирок мен иштеп, үй-жай салып, машина алып, бир бизнестин башын кармап, анан чоң турмушка аттангым келет. Келечегимди көп ойлоном, кантип жашайм, кантип нан таап жейм? Бала төрөсөм кандай болот? Кайненем менен кантип тил табышып жашайм? Ушундай ойлор көп келет. Чынын айтсам, турмушка чыккандан аябай корком. Анткени, убагында атам ичип, бизди бакчу эмес. Апакемди кордосо да, ал биз үчүн жашап жүрдү. Апам байкушумдун кайгы-капасын, кыйынчылык менен бизди чоңойткон күндөрүн унутпайм. Ошодон улам корком, “эркектин баары ушундай болсо, эрге тийбейм” деп жүрчү элем. “Бирок булардын баары Аллахтын сыноосу” деп өзүмө айтып келем. Турмуштун ачуу-таттуусун көрүп жүргөн эжелер мага кеңеш бериңиздерчи? Кандай эркекке турмушка чыгуу керек?
Нурзат
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6