а) нун башынан өткөргөн окуясы жана дубасы.
Бану Умея бийлик жүргүзгөн мезгилдерде Саид ибн Зайд (р.а) нун башынан бир окуя өтөт.Аны кийинчерээк көпкө чейин Йасриб тургундары ооздорунан түшүрбөй айтып жүрүштү.
Арва бинт Увайс атту аял, Саид ибн Зайд (р.а) мага караштуу жердин бир бөлүгүн өзүнө имерип алды деген арыз муңун таратат.Ал кайда барбасын, кимге жолукпасын ошол сөзун айтканы айткан ....Андан соң ошол арыз менен Мединадагы Марван ибн аль -Хакамга кайрылат. Ал ишти иликтөөгө Марван Саидге эки адамын жиберет.Аябай орчундуу татаал абалга капталып калган пайгамбардын улуу сахабасы:
-Алар, мени ал аялга зулумдук кылып жатат деп, ойлошкон тура!! Мен....кантип зулумдук кылайын?! .Кантип ...пайгамбарыбыздын: "Кимде ким акысыз бирөөнүн бир карыш жерин менчиктеп алган болсо, Кыямат күнү ошол.өлчөмдө жети эсе чоң, айланасы оттуу тосмо менен курчалат ..... ""деген сөзүн угуп туруп, ошого кантип барайын?
ОО, АЛЛА!Ал аял мени зулумдук кылды деп жатат! Эгер ал калп айтса, көзү сокур болуп, мени менен талашып -тартышып кеткен ошол кудукка түшүп кетсин.Менин туура экендигимди мусулмандардын арасында күн сымал ачык көрсөт, ага эч кандай адилетсиздик кылбаганымды баары биле тургандай кыл, оо, Алла -дейт.
Ошондон көп узабай Акик өрөөнүндө мурда эч көрбөгөндөй катуу сел жүрөт.Ал талаш -таптыш туудурган ошол чекти биротоло алып кетет.Саиддин чынчылдыгы мусулмандарга маалым болот.
Андан бир ай өткөндөн кийин баягы аялдын көзү көрбөй калат. Өзүнүн айдоосунда басып, жүрүп, капысынан дал ошол кудукка түшүп кетет.
Сахабалардын өмүр баяны китебинен алынды.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев